Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кыз ала качууга шектелгендер кармалды

Кыска кабар | 22 Ноя 2022 | 321 | 0

Бишкекте кыз ала качууга шектелген жигиттер кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 20-ноябрда Ленин райондук милициясына жабырлануучу кайрылып, аны чала тааныш адамдар ошол эле күнү саат 15:00 чамасында Арча-Бешик конушунда Volkswagen Passat унаасына салып, Токмок тарапка ала качуу үчүн алып кетүүгө аракет көргөнүн билдирген.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (“Никеге туруу максатында ала качуу”) менен катталган.

Шектүү катары 20 жаштагы С.С. жана 24 жаштагы К.Ж. аттуу жигиттер кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдары уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM