Биз менен байланышыңыз

Айдоочуга ок чыгарган инспектор 16 жылга эркинен ажыратылды

Кыска кабар | 22 Ноя 2022 | 806 | 0

Бүгүн, 22-ноябрда Свердлов райондук соту Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн милициянын кайгуул кызматынын инспекторунун тапанчасынан ок тийип каза болгон Чыңгыз Абдыраевдин өлүмүнө байланыштуу мурдагы инспектор Д. уулу Ж. 16 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу маалыматты “Маралга” Жогорку соттун басма сөз катчысы тастыктады.

«Сот мурдагы инспектор Д.у.Ж. кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» жана «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 16 жылга эркинен ажыратуу менен жазасын түзөтүү колониясында өтөө жана 3 жыл бою укук коргоо органдарында иштөөгө тыюу салды», — деди Жогорку соттун басма сөз катчысы.

Кылмышка тиешеси бар делип дагы үч кызматкер кармалган болчу. Алардын баары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп табылып, ар бири жети жыл алты айга эркинен ажыратылган. Бирок үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө алынгандыктан камактан бошотуу чечими кабыл алынган.

Эске салсак, 2021-жылдын 27-августунда кечинде милициянын кайгуул кызматынын инспектору жол эрежесин бузган айдоочуга ок чыгарган. Натыйжада ок жүрөгүнө тийип 32 жаштагы киши каза болгон. Окуя саат 21:00 чамасында Имам Сарахси атындагы мечиттин жанында болгон.

Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы келип, бирок айдоочунун өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Аталган факт боюнча КР Жазык кодексинин 321-беренесине («Бийликтен аша чаап колдонуу») ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары кенже инспектор Д.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилген болчу.

Каза болгон айдоочунун достору Ташиевге кайрылышты (видео)

Copyright © 2017 Maral FM