Биз менен байланышыңыз

Каза болгон айдоочунун достору Ташиевге кайрылышты (видео)

Кыска кабар | 28 Авг 2021 | 360 | 0

Бишкектеги милициянын кайгуул кызматынын инспектору аткан октон каза болгон айдоочунун достору бул маселени жеке көзөмөлүнө алуу өтүнүчү менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты.

«Кайрылуубуздун максаты — намаз окуу үчүн мечитке келген досубуздун бүгүнкү чуу жараткан өлүмүн жеке көзөмөлүңүзгө алууңузду суранабыз. Ал жол эрежесин бузуп, каршы тилкеде айдап келип, мечиттин жанына токтогон. Аны 4 инспектор токтоткон. Сүйлөшүү учурунда чыр чыгып, инспектор кызматтык куралын алып чыгып, досубузду жүрөккө аткан. Эскертүүсүз, башкача айтканда, асманга ок атылган эмес. Эң жаманы окту аткандан кийин инспекторлор ага жардам беришкен эмес. Тез жардам унаасы 40 мүнөттөн кийин гана келген. Ал убакта досубуз көз жумган болчу. Инспекторлор кызматтык унаанын ички бөлүгүн булгап алуудан коркуп, ооруканага алып баруудан баш тартышкан. Күбө жардамга келип, ооруканага алып барайын дегенде, алар тергөө иш-чаралары болорун айтып, уруксат беришкен эмес. Биз сизден бүгүнкү чуулгандуу киши өлтүрүүнү жеке көзөмөлүңүзгө алып, аны адилет иликтөөнү суранабыз», — деп айтылат видеокайрылууда.

Эске салсак, 27 -августтун кечинде милициянын кайгуул кызматынын инспектору жол эрежесин бузган айдоочуга ок чыгарган. Натыйжада ок жүрөгүнө тийип 32 жаштагы киши каза болгон. Окуя саат 21:00 чамасында Имам Сарахси атындагы мечиттин жанында болгон.

Бишкек ШИИБнын маалыматы боюнча, каза болгон жаран каршылык көрсөтүп, ок кокусунан атылып кеткен.

Учурда ок чыгарган инспектор УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ага «кызматынан аша чабуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM