Биз менен байланышыңыз

Вице-мэр: Бишкекте таштандыларды чыгаруу боюнча 301 кызматкер иш алып барат

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Ноя 2022 | 764 | 0

«Таштанды маселеси бир эле Комтранскомдун маселеси эмес, бул бүтүндөй коомдун көйгөйү. Азыркы учурдагы акыбалдын бир себеби таштандыны чыгаруу маданиятын өздөштүрө албагандыгыбыз». Мындай пикирин Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев “Маралдын” эфиринде билдирди.

Анын айтымында таштанды таштаган ишканада иштеген балдардын маянасы орточо эсеп менен 22 000 миңден 28 000 миңге чейинки сумманы түзөт. Бирок азыркы шарт менен караганда жашоо-тиричиликке жетпейт. Ошонун негизинде тазалык кызматкерлеринин айлык маянасын 7000 миңге көтөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Дагы бир нерсе таштанды ташуучунун айлыгы ошол иштеген ишкананын кирешесине түздөн-түз байланышы бар, — дейт вице-мэр:

“Толук ишканада 1553 киши иштесе, азыркы маалда 1381 киши иштейт. Бишкек боюнча 301 киши таштанды ташуу иш-аракеттерин көрөт. Тазалыкчылардын эң көп бөлүгүн санитардык тазалоо иштери менен алектенген, көчөнү шыпырып, тазалагандар түзөт. Кечээ күнү кар жааганына байланыштуу машиналар менен туз чачуу жараянына 25 бирдик техникасы чыккан. Мындан сырткары тротуарларды тазалоо үчүн тогуз техника чыкты. Баары биригип бүгүнкү күнү жолду ыңгайына келтирүү үчүн, баш-аягы 34 техника түнү бою иштеди».

Таштандыга төлөнө турган тариф жакында өзгөрөт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM