Биз менен байланышыңыз

Таштандыга төлөнө турган тариф жакында өзгөрөт

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Ноя 2022 | 818 | 0

Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев “Маралдын” түз эфиринде, шаардын тазалык иштеринде кандай реформалар, долбоорлор, алдыңкы жылга кандай пландар бар экенин айтып берди.

«Көп нерсе тарифке байланыштуу, азыркы учурда аны өзгөртүүгө мезгил келди. Бүгүнкү күндө таштанды чыгаруу акысы айына бир кишиге 22 сом 50 тыйынды түзөт. Орто эсеп менен бир үй-бүлөдө 3-4 киши жашаса, 4 кишиге болгон тариф бир айда 80 сом гана болот. Биз ошого жараша так анализ жүргүзүп, жакын арада тарифти өзгөртүү шарттарын киргизебиз. Ал эми жеке ишканалар кайсы район менен иштешсе, ошол жердин жарандары менен келишим түзүлүп, төлөмдөрдү да өздөрү жүргүзөт. Мэрия тарабынан болгону тариф бекитилип берилет. Ошондой эле 5-октябрда түзүлгөн келишим боюнча ушул жылдын акырына чейин беш даана техника бирдиги келет. Ал эми кийинки жылдын башында «Тазалык» системасына 12 бирдик техникасы келиши күтүлүп жатат», — деп билдирди Шамырзаев.

Мындан сырткары ал азыркы учурда «Тазалык» ишканасына 45 жумушчу: беш айдоочу, тогуз көчө шыпырган кызматкер жана 31 таштанды чыгаруучу кызматкерлер керектигин айтты

Жалпы шаар боюнча күнүнө 1 миң тонна таштанды ташталат. Алдын-ала иш жүргүзүү үчүн таштанды калдыктарын бөлүп алуу боюнча долбоор башталган. Ар бир райондо пунктар курулуп жатат. Вице-мэр билдиргендей, азыр жаңы полигондун курулуш иштери жүрүп, кийинки жылдан ишке берилип, эскиси консервацияланып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM