Биз менен байланышыңыз

Жер шарынын 8 миллиардынчы жараны ким болду?

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 15 Ноя 2022 | 496 | 0

Бириккен Улуттар Уюму 15-ноябрда Жер шарынын 8 миллиардынчы жараны жарык дүйнөгө келгенин жар салды.

Армения басылмалары бул бала өз өлкөсүндөгү Мартунин шаарында төрөлгөнүн, ысымы Арпи экенин, 2 кг 900 гр салмакта төрөлгөн ымыркай Карен Закарян менен Ани Кочаряндын кызы экенин жазып чыгышты. Жергиликтүү басылмаларга бул маалыматты Мартунин шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Артур Ованисян билдирип, аны ЮНИСЕФ да тастыктаганын айткан.

7 миллиардынчы бала жарыкка келгенден 11 жылдан кийин төрөлгөн ымыркай боюнча Бириккен Улуттар Уюму азырынча расмий маалымат бере элек.

БУУнун божомолунда мындан ары балдардын төрөлүү темпи басаңдашы мүмкүн. Айрым серепчилер болжогондой, тогуз миллиардга жетүү үчүн эми 15 жылдан көбүрөөк убакыт кетиши ыктымал. Ошол эле учурда «2080-жылы адамзаттын саны 10 миллиардга жетет» деген пикирлерге таянуу эртелик кылат.

БУУ дүйнөдөгү калктын санын так эсептөө кыйын экенин, так эсебин алууга бир-эки жылдан ашуун убакыт сарпталарын моюндайт.

Биз интернет булактарын барактап, миллиардынчы туулган балдарды издеп көрдүк. Жыйынтыгында 5 миллиардынчы баладан бери жагын гана табууга мүмкүн болду.

5 миллиардынчы ымыркай

Интернет булактарынан маалым болгондой, адамзаттын саны 1974-жылы 4 миллиардга жеткен. Ал эми 5 миллиардынчы жаран болуу бактысы 1987-жылы 11-июлда Югославияда туулган Матей Гашпарга буюрган. 35 жаштагы бул адам учурда Хорватиянын Загреб шаарында инженер-химик болуп иштээри, өзү туурасында бирөөлөргө айтуудан, журналисттер менен маектешүүдөн ар дайым баш тартары белгилүү болду.

6 миллиардынчы ымыркай

1999-жылы 12-октябрда төрөлгөн босниялык Аднан Мевичти Бириккен Улуттар Уюмунун ошол кездеги башкы катчысы Кофи Аннан 6 миллиардынчы жаран болушу менен куттуктаган.

Босния жана Герцоговина мамлекетинин борбору Сараеводогу төрөт үйлөрдүн биринде жарыкка келген бул бала жакырчылыкта чоңойгону айтылат. Апасы Фатима Мевич 2011-жылы басылмалардын бирине өздөрү согуштан башы чыкпаган Високо деген айылда эптеп күн кечирип жатышканын, атасы Ясминко Мевич ичеги рагына чалдыгып, оор жүк ташуусуна мүмкүн болбогондуктан ишинен кеткенин айтып берген. Ошондой эле Фатима өзү да үч жыл мурун тигүүчүлүк жумушунан чыгып калып, учурда Ясминконун майыптыгы үчүн чегерилген 155 доллар жана Аднан үчүн мамлекеттен бөлүнгөн 100 доллар менен гана жашап жатышканын кошумчалап өткөн.

Быйыл 23 жашка толгон Аднан Мевичтин учурдагы абалы туурасында маалыматтар табылбагандыгына байланыштуу кепти андан ары узартууну туура көрбөдүк.

7 миллиардынчы ымыркай

Бул маселеге келгенде кыйла талаш маселе жаралган. Бириккен Улуттар Уюму 2011-жылы 31-октябрда дүйнө калкы 7 миллиардга жеткенин жар салганы менен 7 миллиардынчы ымыркай ким экенин, кайсы өлкөдө туулганын тактап берген эмес. БУУнун ошол кездеги башкы катчысы Пан Ги Мун: «Жети миллиардынчы болуп кайсы ымыркай туулганын билбей калдык», — деген.

Мындан улам Бангладеште туулган Садия Султан Ойша, Орусияда туулган Петр Николаев, Түркияда туулган Юсуф Эфе Өзкан, Индияда туулган Наргис (фамилиясы айтылган эмес), Филиппинде туулган Данника Май Камачо 7 миллиардынчы ымыркай катары жарыяланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM