Биз менен байланышыңыз

Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде биринчиге чыкты

Кыска кабар , Спорт | 15 Ноя 2022 | 502 | 0

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинин сап башына чыкты. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтына жарыяланды.

Жоламан Шаршенбеков быйыл алты турнирге катышып, 6 медалга ээ болгон. Жыйынтыгында ал  55 миң упай топтоп, 60 кг салмакка чейинки UWW рейтингинде 1-орунду ээледи.

Быйыл 10-18-сентябрда Сербиянын Белград шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өткөн. Анда Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болушкан. Бул мелдештен кийин дүйнөлүк рейтинг жаңыланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM