Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашууну парламент келерки жума карайт

Кыска кабар | 12 Ноя 2022 | 412 | 0

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу парламентте келерки жумада каралат.

Депутат Дастан Бекешев Твиттер баракчасында кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча келишим парламентте келерки жума карала турганын жазды. Учурда документ тийиштүү комитетке келип түшкөн.

Регламентке ылайык, документ келерки аптада парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде каралышы болжолдонуп жатат. Андан кийин жалпы жыйынга алып чыгарылат.

Белгилей кетсек, буга чейин парламентте айрым депутаттар кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы талаштан  улам, ага 5 жылга мораторий киргизүүнү сунуштаган.

«Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу» деген эмне?

Copyright © 2017 Maral FM