Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 31-октябрдагы отурумунда «Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө» Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоору колдоо тапты. Комитеттеги жети депутат макулдугун берип, үчөө каршы добуш берген. Жабык жыйында калган макулдашуу боюшча алдыда кененирээк токтолобуз.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 31-октябрдагы жыйынында «Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө» Кыргызстан менен Өзекбстандын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоорун жактырды. Комитеттеги жети депутат Улан Примов, Чолпон Султанбекова, Лейла Лурова, Миргуль Темирбаева, Ырысбек Атажанов, Улан Бакасов жана Жылдыз Таалайбек кызы макулдугун берип, үч депутат Чыңгыз Айдарбеков, Адахан Мадумаров жана Эрулан Кокуловдор жыйындан чыгып кетишкен. Долбоорду комитетке Айыл чарба министрлиги киргизген.
Маселени жабык кароону депутат Ырысбек Атажанов сунуштап, ал аталган маселени ачык кароого убакыт келе электигин белгилеген. Эки депутаттын ачык өткөрүү талабына карабасатан, көпчүлүктүн добушу менен жыйын жабык өткөн. Бүгүнкү күнгө чейин кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору ачыкка чыга элек. Ал долбоордун келишими депутаттарга дагы берилген эмес.
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров комиеттин жыйынын жабык өткөрүү уят деп сынга алды. Мадумаровдун айтымында, ал макулдашууда эч кандай мамлекеттик сыр жок, кеп суу жөнүндө.
Мадумаров буга чейин болгон сүйлөшүүлөргө токтолуп, Өзбекстан эч качан Кыргызстанга утулган эместигин жана өзүнүн милдеттемелерин эч качан толук аткарбай келгендигин эскертти.
«Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип пайдалануу боюнча келишим түзүлүптүр. Бул дегени «сенин эшигиңе кирип барып, мен сенин корооңдо жашайм. Бирок сен менин шартым менен жашайсың» деп басмырлоо. 11 беренеден турган сабатсыз макулдашуу түзүшүптүр. Биз сууну дагы камсыз кылып беришибиз керек экен, анан ошол сууну дагы тазалап беришибиз керек экен. Суу ар кандай жагдайда 900чү горизонттон ашпайт деп жатат. Бирок бул жакта өзгөчө абал болуп калса, андан ашып кетиши мүмкүн экендигин жазып жатышат. Сүйлөшүүлөрдө Өзбекстан эч качан Кыргызстанга утулган эмес, керек болсо биздикилерди сууга алып барып, суугарбай келишүүдө. Булар эч качан өзүнүн милдеттемесин аткарган эмес, алдыда дагы аткарбайт. Булар кандайдыр бир жерден аябай катуу кармалып калышкан. Ошондуктан Кыргызстандын жери деп чыккандардын баарын камап жатышат. Алардын баарын камап койгондогусунун бир себеби алардын жүрөгүндө коркуу бар. Булар түндө дагы жакшы уктай алышпайт, анткени эртеби-кечпи сөзсүз түрдө жооп беришет».
Ал эми депутат Чолпон Султанбекова «Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө» макулдашууда жалгыз гана суу сактагычтагы сууну биргеликте башкаруу жөнүндө жазылгандыгын, ал макулдашууда бир дагы жерди берүү маселеси жок болгондуктан «макул» болгондугун айтат.
«Макул» деген добушумду бердим, себеби ал жерде суу маселесин гана башкаруу жазылган. Эч кандай жер маселеси жок. Сууну эки тараптуу ишкана түзүп башкарышат экен. Эки жактан 12ден киши болуп, ошол башкарууга киришет. Ал жерде жерди берүү маселеси жок. Ал жерде болгону Кемпир-Абад суусун башкарууда 900үнчү горизонттон өйдө көтөрбөө, жанындагы аймакты суу каптап кетүүдөн алдын алуу маселеси бар. Бул эки өлкө ортосундагы макулдашуу. Бул кийин чек араларды демаркация жана делимитациялоо боюнча келишимдерде пакет менен келе турган макулдашуу. Азыр көпчүлүгү Кемпир-Абад кетип калса көзөмөлдөй албай калабыз деген маселе коюп жатышпайбы? Ошол эле маселе, эки өлкөнүн Айыл чарба министрликтеринин ортосундагы сууну башкаруу боюнча макулдашуу».
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 10-октябрда парламенттеги жабык жыйында билдиргендей, түзүлгөн макулдашуу боюнча Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жерди Өзбекстанга берип, анын ордуна мурда талаш болуп келген 18 миң гектар жерди алуу пландалып жатат. Алар Жалал-Абад облусундагы Гавасай тилкесинен 13 300, Ала-Бука жана Оштун Кара-Суу районунан 4 127, Өзгөн районунан 500, Сузак районунан 500 гектар жер беришет. Ошону менен бирге ал Кемпир-Абаддагы сууну башкаруу үчүн эки өлкө биргелешкен ишкана түзүп, чогуу иштете тургандыгын билдирген. Келишим боюнча суунун деңгээли 908 горизонттон 900гө түшүрүлөт. Анда 1246 гектар жер бошоп, аны кыргызстандык жергиликтүү тургундар колдонот. Эгерде келечекте суу сактагыч турган аймактагы суу агып кете турган болсо, анда ал жерге Өзбекстан ээлик кылып кала берет.
Өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушту биринчи этапта өкмөттүк делегациялар аткарышып, протоколдорго кол коюлат. Келишимдин долбооруна Жогорку Кеңештин тармактык комитети макулдугун бериши керек. Андан соң эки өлкөнүн мамлекет башчылары макулдашууга кол коюшат. Ал эми үчүнчү документ ратификация боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште кабыл алынышы керек.
Юрист Таттыбүбү Эргешбаева бул жерде жалгыз гана сууну башкаруу маселеси эмес, кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо келишими тургандыгын баса белгиледи.
«Бул маселе Кемпир-Абад суусун пайдалануу гана маселеси эмес, бул кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча келишим. Ошонун ичинде кыргыз-өзбек чек расындагы 302 км талаш, аныкталып бүтө элек чек ара бар. Андан тышкары Кыргызстанга таандык жана Өзбекстанга таандык жерлерди алмашып жатабыз. Келишимдин ичинде эки пункт бар. Кемпир-Абад суу сактагычы алмашуучу жерлердин категориясына кирет. Кемпир-Абаддагы 4485 гектар жер суу сактагычтын 65%ын түзөт. Ал эми суу сактагычтын 35%ы буга чейин деле Өзбекстанга таандык болгон. Эми биздеги кийинки кадамдар мындай болот да. Өкмөттүк делегациялык топ бар, аны Камчыбек Ташиев башкарат. Ошол топ кыргыз-өзбек чек арасы боюнча протокол түздү. Эми келишимдин негизинде парламенттин тармактык комитетине долбоор сунушталды. Анда эки өлкөнүн президенттери кандай шарттарга кол коюшат деген маани камтылат. Мына ошол шарттарга комитет өз макулдугун берди. Эми эки өлкөнүн президенттеринин ортосунда кол коюлат. Андан кийин Жогорку Кеңешке кол коюлган келишим менен кошо ратификацияга мыйзам кирет. Ал үч окуудан өтүш керек. Эгерде Жогорку Кеңеш келишимге келе албай калса, анда Регламенттин 56-береесине таянып, төртүнчү окууну дагы өткөрсө болот. Эң аз дегенде төрт ай каралышы керек. ал мыйзам долбоору элдин алдына дагы алып чыгылышы керек. Андан кийин гана президент эң акырында кол коет».
10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун колдогон. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы добуш берген.
Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков өзү документтерди көрмөйүнчө макулдук бербесин билдирип, комитеттин чечимине кол койгон эмес. Депутат Адахан Мадумаров жыйын регламентти одоно бузуу менен өтүп, долбоор боюнча материалдар берилбегенин белгилеп, чечим кабыл алуу мыйзамсыз деп чыгып кеткен.
Көп өтпөй 20-октябрда Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгынан мыйзамды одоно бузуу менен алынган. Анын ордуна комитетке төрага болуп Улан Примов шайланган.
22-октябрда саясатчылар, активисттер жана саясий кыймылдар Кемпир-Абад боюнча документтерди коомчулукка жарыялоону жана чек ара маселелерин Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде кароону талап кылып, «Кемпир-Абадды коргоо» комитетин түзүшкөн эле.
23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 21 саясатчы жана жарандык активист кармалган. Кармоолор уланып, учурда Бишкекте башаламандык уюштурууга шектелип абака камалгандардын саны 26га жетти. Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болсо, жарандык активист Тилекмат Куренов издөөдө.