Биз менен байланышыңыз

Төкмө акын Болот Назаров бир айга камалды

Кыска кабар | 10 Ноя 2022 | 589 | 0

Кечээ, 9-ноябрда кечинде Москва райондук сотунда төкмө акын Болот Назаровдун баш коргоо чарасы каралып, 9-декабрга чейин камакта калтыруу чечими чыкты. Бул тууралуу жактоочусу Автандил Бакытбек уулу билдирди. Соттун чечимине ылайык акын №1 тергөө абагында калат.

Назаровдун жактоочусу соттун чечимин мыйзамсыз деп эсептейт. Анткени анын кармалышында кылмыштын курамы болгон эмес.

Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, 9-ноябрда Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө жылкы уурдоого шектелип, төкмө акын Болот Назаров кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

Төкмө акын Болот Назаровдун кармалышынын чоо-жайы

Copyright © 2017 Maral FM