Биз менен байланышыңыз

Төкмө акын Болот Назаровдун кармалышынын чоо-жайы

Саясат | 9 Ноя 2022 | 3371 | 0

Төкмө акын Болот Назаров ушуну менен экинчи ирээт камакка алынууда. Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолу ал жылкы уурдоого шектелүүдө. Акындын жакындары Болот Назаровго белек катары берилген жылкы ага чейин уурдалган деп ырчыны камап коюшканын айтышып, ага коюлган айыпты каралоо деп эсептешүүдө. 

Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, 9-ноябрда Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө жылкы уурдоого шектелип, төкмө акын Болот Назаров кармалды.

«Москва райондук ички иштер бөлүмүнө 7-ноябрда Беловодск айылынын 1968-жылы туулган М.И. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызында 7-ноябрь күнү түштөн кийин Москва районунун Чон-Арык айылынын тааласында белгисиз эркек киши 2008-жылы туулган М.Ю. аттуу баланын минип жүргөн атын сүрөткө түшүүгө сурап, атты минген боюнча, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин айтып чара көрүүнү суранган. Аталган факт Москва райондук ички иштер бөлүмүнө Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, 8-ноябрь күнү кылмыш иши козголгон.Кылмышка шектелген 1993-жылы туулган Болот Назаров ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө».

Төкмө акын Болот Назаровдун бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жатканын жазуучу, публицист Олжобай Шакир биринчилерден болуп Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, Болот Назаровду тойго ырдатканы чакырышкан. Акын тойдо мактап ырдоодон баш тартып, кетмек болгондо ага чепкен жаап, ат мингизишкен. Кийин белек катары берилген жылкы ага чейин уурдалган ат болуп чыгып, акын ат уурдоого шектелип кармалган.

«Укканыбызга караганда: Бокени тойго чакырышат. Бирөөнү мактатып ырдатмай болушат… Бирок биздин көкжал акын андайга кежигеси тырышып, бирөөнү ашкере көкөлөтө ырдап ийчүүлөрдөн эмес. Андай өтүнүчтү уккан Бокебиз, «эч кимди мактап ырдабайм» дейт да, жолуна түшөт. Артынан бирөө чыгат. Узатып. Ошол узатып чыккан адам чыгармачыл чөйрөдөгү белгилүүлөрдөн. Болгондо да менин атбашылык инилеримдин бири. Бокени далыга таптап, тойго ырдап бер деп ээрчитип барган Кубанычбек Ажыбаев болгон. Кыргызда илгертен өнөр адамынын алдына жылкы тартып, үстүнө чапан кийгизип сый көрсөткөн кыргыздын бул кандай «жаңы салты» болуп кетти экен деп баш катырып отургандагы кезибиз. Кандай болбосун аны каралоо аракети жүрүп жатат».

Буга чейин Болот Назаровду тойго ырчы Кубанычбек Ажыбаев чакыргандыгы айтылган. Бирок Ажыбаев аны тойго чакырбагандыгын, болгону Беловодск айылындагы тойдон кезигишип, Болот Назаров менен чогуу тамактангандыгын билдирди.

«Болот Назаровду тойдон көргөм, тойго мен чакырган эмесмин. Мен той баштала электе эле барып, ырдап анан тамак ичиңиз дешкенинен кирсем Болот ошол жерде экен. Анан Болот мени узатып чыкты, ал дагы ырдаганы барган экен. Ошону менен кеткем. Мен анын ырдаганын дагы, ат мингенин дагы көргөн эмесмин».

Өнөрпоз Болот Назаров бийликтин туура эмес иштерин сындап ырдап келген. Анын «Жемкорлукка», «Туугандуу бийлер туташты», «Эки дос», «Казино» жана «Камчыке, кара калкыңды» деген чыгармалары бар.

Төкмө акын Жылдызбек Төрөканов Назаровдун кармалышын бийликти катуу сындаган ырларына байланыштырат.

«Мен өзүм бүгүнкү айтышка даярданып жатканмын. Анан азыр эле интернетти карап, анын кармалганын окуп таң каоып отурам. Анын тоноочулука шектелип кармалышы, атайын уюуштурулган ишко, элге деле белгилүү. Анткени Болоттун өтө ачуу ырдаган ырлары бар. Ал ошол ырларынын курмандыгы болуп жатат. Биз жакын таанышпыз, доспуз, эми чын-төгүнүн билип туруп элге кайрылабызго».

Болот Назаровдун адвокаты Бактыбек Автандил уулу анын кармалышын негизсиз деп эсептейт. Анткени анын кармалышында кылмыштын курамы жок.

«Бул жерде кармаганга негиз жок. Анткени жабырлануучу тарап тосмо арыз жазганы келгенде милиция кызматкерлери тосмо арыз жаздырбай койгон. Атайын кармаш үчүн. Ошол эле учурда жабырлануучу тарапты 48 сааттын ичинде эч кандай арыз жазбагыла дешиптир. Аткени бүгүн саат 18.00дө баш коргоо чарасы каралмак. Тосмо арыз болгондо биз азыр чыгып кетмекпиз. Алар менен жакшы эле сүйлөшүп жатканбыз. Азыр ал эже телефонун өчүрүп коюптур. Болот тойго келет, тойдон кийин улак болот. Ал жерде атка мингизишет. Бул аны ага берген экен деп ойлоп, минип кетип калат. Түнү менен атты таң  ашырып, эрте менен ээсине алып келип берет. Атты берип бара жатса эле милиция кызматкерлери аны кармап, атасына арыз жаздыртып, камап салышыптыр. Бул жерде тоноого шектелип жатат. Бирок тоноонун белгилери жок. башкача айтканда кылмыштын курамы жок. Анткени атты өздөрү мингизип жатат. Баланы уруп, коркутуп атын алып койгон жок».

Төкмө акын Болот Назаров жана иликтөөчү журналист Болот Темиров ушул жылдын 22-январында кармалышкан. Көп өтпөй эч жакка чыкпоо тил каты аркылуу бошотулушкан. Журналист Болот Темиров сентябрь айында эки иш боюнча акталып, бир иши боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жазадан бошотулган. Ал эми Болот Назаровдун ишин кароо уланып жаткан. Болот Назаров Ютубдагы «Айт айт десе» каналы аркылуу бийликти сындаган чыгармаларын жарыялап келген.

Copyright © 2017 Maral FM