Биз менен байланышыңыз

7-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 6 Ноя 2022 | 282 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 7-ноябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16,

Талас облусунда түнкүсүн +0…+5, күндүз +9…+14,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +11…+16,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13,

Нарында түнкүсүн -2…3 , күндүз +5…+10.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +13…+15.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM