Биз менен байланышыңыз

Улуттук гвардиянын 200дөн ашык жаш жоокери ант берди

Кыска кабар | 6 Ноя 2022 | 297 | 0

Кечээ, 5-ноябрда Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүндө 200дөн ашуун жаш жоокер ант берди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үч жуманын ичинде жоокерлер Улуттук гвардиянын тажрыйбалуу офицерлери жана сержанттарынын жетекчилиги астында жаш жоокерлер курсунун алкагында күчөтүлгөн программасын өтүштү. Анда күн тартибин жана Жалпы аскердик уставдарды окуп, тактикалык, саптык жана дене тарбия даярдыгынын негиздерин өздөштүрүп, өздөрүн мындан аркы аскердик милдеттерди аткарууга даярдашты.

Салтанаттуу иш-чарага КК Улуттук гвардиясынын колбашчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, жоокерлердин бир туугандары жана жакындары жана аскер кызматынын ардагерлери гвардиянын генерал-полковниги А.Чотбаев, генерал-майор А.Алымкожоев жана Республикалык жоокерлер энелер комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова катышты.

Гвардиянын полковниги Т.Эргешов куттуктоо сөзүндө жаш жоокерлерге чың ден соолук жана Мекенге кызмат кылуу ардактуу иштерине чоң ийгиликтерди каалап кетти.

Иш-чаранын жүрүшүндө курал менен көрсөтүү көнүгүүлөр жана майрамдык концерт уюштурулду. Азем жаш мекен коргоочулардын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM