Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Ак-Сай айылында 275 орундуу мектеп курулат

Кыска кабар | 30 Окт 2022 | 261 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунун Капчыгай, Самаркандек жана Достук айылдарына барды.

Ал Тажикстандын куралдуу агрессиясынын натыйжасында талкаланган турак-жай имараттарынын жана социалдык объектилердин курулушу менен таанышты. Жапаров курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүүнүн, үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылуунун,ыңгайлуу жашоо үчүн башка зарыл шарттардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Ак-Сай айылында 275 орундуу мектеп, Капчыгай айылында 100 орундуу мектеп, Достук айылында 100 орундуу жалпы билим берүү мекемеси, фельдшердик-акушердик пункт, 30 орундуу бала бакча курулат. Социалдык объектилер АРИС долбоорунун алкагында курулат.

Самаркандек айылында 75 орундуу оорукананын курулушу башталган, ал 2023-жылдын жаз айларында бүтөрү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM