Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктар «Туран Барысы» Азия кубогунда үчүнчү орунду жеңди

Кыска кабар , Спорт | 30 Окт 2022 | 1013 | 0

Түркстанда казак улуттук күрөшү боюнча «Туран Барысы» Азия кубогу аяктады. Иш-чара биринчи жолу өтүп, ага Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия жана Казакстандан балбандар катышты.

Мелдештер «дубалдан дубалга» олимпиадалык системасы боюнча өткөрүлүп, балбандар жети салмак категориясы боюнча күч сынашты.

Казакстандык балбандар турнирдин жеңүүчүлөрү болду. Өзбекстандыктар экинчини, Кыргызстандын балбандары коло медалды алып кетишти.

«Туран Барысы» турнири улуттук спортту өнүктүрүү, жаштарды спортко тартуу максатында өткөрүлдү. Ага 18 жаштан кем эмес жети адамдан турган команда катышты. Жалпы байге фонду 20 миллион теңгени түзөт.

Турнирди Казакстандын Маданият жана спорт министрлиги, Казак күрөш ассоциациясы уюштурду.

Copyright © 2017 Maral FM