Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын туристтик гиддери дүйнөлүк сертификациядан өтүүдө

Кыска кабар | 27 Окт 2022 | 474 | 0

Ушул жылдын 17-октябрынан 30-октябрына чейин Каракол шаарында Кыргызстандын экскурсовод-гиддери үчүн Дүйнөлүк туристтик гиддер ассоциациялар федерациясынын эл аралык стандарттары боюнча тренинг өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын бардык аймактарынан 25 гид катышып, машыктыруучулар үчүн курсун аяктап, WFTGA сертификатына жана «Машыктыруучу гид» статусуна ээ болушат.

Иш-чара гиддерди даярдоо курсу, теориялык курсту, Каракол шаарында экскурсияларды өткөрүү боюнча практикалык көнүгүүлөрдү да камтыды.

Департамент билдиргендей, катышуучулар баяндоо, туристтик жайларды чечмелөө жана туристтик топту башкаруу жөндөмдөрүн өркүндөтө алышты. Эл аралык тренерлер катышуучуларга сейилдөө, автобус жана музейлерди кыдыруунун негизги ыкмаларын үйрөтүштү.

Аталган тренингдин уникалдуулугу – аны WFTGA сертификаты бар машыктыруучулар, профессионалдуу жана активдүү туристтик гиддер тарабынан иштелип чыккандыгы болуп саналат. Эки жума бою машыктыруучулар Геннадий Чудновец жана Махса Мотахар Кыргызстандын гиддери менен Каракол шаарынын мисалында маданий турларды түзүүнүн жана өткөрүүнүн техникасы боюнча билимдерин гана бөлүшпөстөн, окуу процессин өнүктүргөн көп жылдык тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Натыйжада катышуучулар профессионалдуу ыкмаларды үйрөнүп, ошондой эле туристтик гид кесибин тереңирээк өздөштүрүштү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM