Биз менен байланышыңыз

Массалык кармоолор: саясатчы, жарандык активисттердин дээрлик баары 2 айга камалды (тизме)

Кыска кабар | 25 Окт 2022 | 359 | 0

23-октябрь күнү массалык кармоолордон улам убактылуу кармоочу жайга киргизилген саясатчы жана жарандык активисттердин бир тобунун баш коргоо чаралары кечээ, 24-октябрдан 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Сот отуруму таңкы саат 5ке чейин уланды.

Соттун чечими чыгып, эки айга камакка алынгандардын тизмеси:

  1. Эрлан Бекчоро уулу
  2. Перизат Суранова
  3. Улукбек Маматаев
  4. Равшан Жээнбеков
  5. Асия Сасыкбаева
  6. Азимбек Бекназаров
  7.  Айданбек Акматов
  8. Али Шабдан
  9. Таалай Мадеминов
  10. Чыңгыз Капаров
  11. Айбек Бусурманкулов
  12. Жеңиш Молдокматов
  13. Рита Карасартова
  14. Гульнара Журабаева
  15. Кеңешбек Дүйшөбаев
  16. Нурлан Асанбеков
  17. Кубанычбек Кадыров
  18. Бектур Асанов
  19. Клара Сооронкулова

Дагы бир активист Талант Эшалиевдин ден соолугу начарлаганына байланыштуу, бөгөт чарасы сыртынан каралып, эки айга үй камагына алуу чечими чыкты.

Ал эми активист Атай Бейшенбек жана Акыл Айтбаевдин баш коргоо чаралары бүгүн каралары күтүлүүдө.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM