Биз менен байланышыңыз

Президент Айдарбековду дипломатиялык рангынан ажыратты

Кыска кабар | 22 Окт 2022 | 1540 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангынан ажыратылды.

«Бул чечим Айдарбеков Кыргызстандын жакынкы бир катар чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин кызматкери кезинде дипломат деген жогорку наамды дискредитациялаган жагдайлар ачылгандыгына байланыштуу кабыл алынган» , — деп айтылат президенттин сайтындагы маалыматта. 

Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгынан 20-октябрда алынган.

Чыңгыз Айдарбеков комитеттин төрагалыгынан алынды

Copyright © 2017 Maral FM