Биз менен байланышыңыз

Пенсияга чыгуунун жол жобосу жеңилдейт

Коом | 21 Окт 2022 | 1521 | 0

Бүгүн, 21-октябрда Социалдык фонд пенсиялык системанын реформасы боюнча массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.  

Жыйында пенсия реформасы тууралуу кеңири маалымат берилип, ишке ашырыла турган долбоорлор, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн убагында төлөө зарылчылыгы жана пенсиянын чегерилиши тууралуу сөз болду. Пенсияга чыгуу жеңилдейби?

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия 1700 сомдон 3400 сомго чейин көбөйдү.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 735 миңдей пенсионер бар. Алардын баары бирдей өлчөмдө пенсия албайт. Ошондуктан пенсиянын көбөйүү тартиби да ар бир пенсионердин эмгек стажына, жаш курагына жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша болот. Айрымдарына 2 миң сомдун тегерегинде кошулса, айрымдарга 1000 сомго жетпеген акча кошулду.

Пенсия – бул жашоонун негизги каражат булагы катары мамлекет же башка субьект тарабынан эмгекке жарамсыз жарандарга өмүр бою берилүүчү төлөм.

Пенсияны эсептөөдө жарандын жалпы эмгек стажы, аскер кызматында өтөгөн мөөнөтү, кесиптик, атайын орто жана жогорку окуу жайлардын күндүзгү бөлүмүндө окуган мөөнөтү, жашаган аймагы, топтолгон камсыздандыруу төлөмдөрү эске алынат. Бул тууралуу Социалдык фонддун Пенсияны чектөө жана кайра эсептөө башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Ашималиева билдирип, пенсиянын түрлөрүн атады:

«Пенсиянын үч түрү бар: пенсиялык куракка жеткенде, майыптык боюнча чегерилген пенсия жана баккан адамы каза болгондо. Пенсиянын курагына жеткендер биринчи түрүн алышат. Курагы боюнча эмес, ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдөн улам эмгектик ишмердикке чектөөсү барлар, 1,2,3 топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар экинчи түрүн алышат. Ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү бар каза болгон адамдын эмгекке жарамсыз үй-бүлө мүчөлөрү үчүн пенсиянын үчүнчү түрүнө чыга алышат».

Пенсиялык жана тарифтик саясат башкармалыгынын башчысы Жылдыз Кулжанова ар бир иштеп жаткан жаран сөзсүз түрдө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө керектигин белгиледи. Себеби бул төгүмдөр жарандардын болочоктогу пенсиясын калыптандырат.

Бүгүнкү күндө ири бюджеттик ишканалар камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт, ал эми чакан жана орто бизнестин ээлери бул төгүмдөрүн төлөбөйт жана алар жашыруун, так эмес эсептөө жүргүзүшөт. Ошондой эле кадрлардын так санын жашырышат. Адис баарын камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө чакырды.

«Ар бир адам жеке эсебин кара турушу зарыл. Муну социалдык фонддон алса болот, же Түндүк порталында камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөгөн жарандын жеке кабинети болот, ал жактан бардык эсептери көрүнөт. Тактап айтканда, касыздандыруу төгүмдөрү канча төлөнгөнү, болочоктогу болжолдуу пенсия канча болору көрүнөт. Ар бир жаран жана мамлекет пенсиялык системага милдеттүү болуп жатканын унутпашы керек».

Буга чейин пенсиялык куракты жогорулатуу сунуштары бир нече жолу айтылып келген. Пенсия курагы көтөрүлбөй тургандыгын Социалдык фонддун төрага орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди. Ал белгилегендей, пенсиялык курак эркектер үчүн 63 жаш, аялдар үчүн 58 жаш өзгөрүүсүз калтырылат.

Жуматаева жакын арада жарандардын пенсияга чыгуусу үчүн документтердин топтому керектелбей каларын, жөнөкөйлөштүрүү иштери жүргүзүлөрүн айтты.

«Бүгүнкү күндө пенсияга чыгуу үчүн ар кандай документтердин топтому, маалымкаттар керектелип жатат. Булардын баарын жоюп салуу, жөнөкөйлөштүрүү иштери алып барылууда. 1996-жылга чейин бирдей формула менен, башкача айтканда проактивдүү кызмат аркылуу чыгууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Мындай практика Казакстан, Азербайжан мамлекеттеринде кеңири колдонулуп жатат. Балким жаран телефон аркылуу чалуу менен өзүнүн жеке маалыматтарын айтып, катышуусу жок, Соцфондго келбей эле пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга биринчи кадамдарды таштап жатабыз. Жарандар көптөгөн кезектерде турушат, бир эмес бир нече жолу келип кетиши керек, бул сыяктуу дагы башка кыйнчылыктар жаралат. Булардан арылуу үчүн мыйзам долбоору сунушталып жатат. Ал жакынкы күндөрү Жогорку Кеңеште каралат».

Буга чейин пенсиянын орточо өлчөмү 6186 сомду түзүп келсе, быйыл 1-октябрдан тарта жогорулагандан кийин орточо 8080 сомду түздү. Бул башындагы пенсияга салыштырмалуу 33%га же 1988 сомго жогорулап жатат.

Кыргызстанда пенсиянын көлөмү аз экени айтылып келет. Пенсионерлердин жарымы жашоо минимумунан, тагыраагы, 5800 сомдон төмөн өлчөмдө пенсия алат.

Соцфонддун өкүлдөрү бул көрүнүштү пенсиялык системанын начар иштеши менен байланыштырат. Анткени бардык иштеп жаткан жарандар соцфондго төлөмдөрдү которуп турбайт. Эгер ар бир жаран ай сайын төгүмдөрдү так төлөп турса, пенсиялык система жакшырат деп ишендирүүдө.

Пенсия көбөйдү. Кимге, канча сом кошулду?

Copyright © 2017 Maral FM