Биз менен байланышыңыз

Пенсия көбөйдү. Кимге, канча сом кошулду?

Коом | 11 Окт 2022 | 3900 | 0

Ушул жылдын 1-октябрынан тарта пенсия 1700 сомдон 3400 сомго чейин көбөйөрүн президент Садыр Жапаров билдирген. 

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 735 миңдей пенсионер бар. Алардын баары бирдей өлчөмдө пенсия албайт. Ошондуктан пенсиянын көбөйүү тартиби да ар бир пенсионердин эмгек стажына, жаш курагына жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша болот. Айрымдарына 2 миң сомдун тегерегинде кошулса, айрымдарга 1000 сомго жетпеген акча кошулду. 

Үч жыл мурда ден соолугуна байланыштуу эс алууга чыккан Бишкек шаарынын 58 жаштагы тургуну Зыйнат Асакееванын пенсиясы эки миң сомго жогорулады. Ал бул жолкусунда мурункуга салыштырмалуу кыйла көбүрөөк сумма кошулганына кубанат.

«Мен буга чейин 7 миң сом пенсия алчумун. Октябрь айына эки миң сом кошулуптур. Мурун 200-300 сом эле кошулуп турчу, эми болсо 30% кошулган окшойт. Бир нерсе алганга жетчүдөй сумма кошулган экен. Жакшы болду».

Ак-Суу районундагы Отрадный айылынын тургуну Ибрагим Шаршембиев пенсияга эки жыл мурун 2 миң 500 сом менен чыккан. Октябрь айында пенсиясына 1000 сомдон ашуун акча кошулду.

«Мурун 3 миң сом алсам, бул айда 4 миң 300 сом алдым. Мурда 500 сом эле кошулган. Бул жолкусунда жакшы көтөрүлүптүр. Кудайга шүгүр, ушуга да рахмат айтабыз».

Ал эми Бишкек шаарынын тургуну Светлана Никитина башка пенсионерлерге салыштырмалуу пенсиясы 900 сомго гана жогорулаганына нааразы.

«Мен пенсияга эмгек стажым боюнча чыккам. 15 жыл иштегем.  Буга чейин үч жыл бою 2400 сом алчу элем, бул айда 900 сом кошулуптур. Менин эсебим боюнча, базалык бөлүккө ылайык, 1700 сомдун тегерегинде акча кошулмак. Бул боюнча каяктан, эмнени сурашты да билбейм. Социалдык фондго барсаң, алгылыктуу жооп ала албайсың».

Шаар тургундарынын көбү пенсиясын 15-октябрда гана аларын жана канча сомго жогорулаганын эми билерин айтышты.

Пенсиялык системанын негизги эки булагы бар. Алар: камсыздандыруу төгүмдөрүнөн жана республикалык бюджеттен түшкөн белгилүү сумма.

Пенсиянын базалык бөлүгү кепилденген, ал республикалык бюджеттен каржыланат. 2022-жылдын калган үч айында пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө 3 млрд 83 млн сом каралган.

Ал эми камсыздандыруу бөлүгү пенсиялык фонддун эсебинен жогорулатылат. Анын төлөмдөрү үчүн жыл аягына чейин 1 миллиард 341 миллион сом бөлүнгөн.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 51%ы Бишкек шаарынан түшөт.

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу чечимин кабыл алганын айткан.

Анын айтымында, пенсияны көбөйтүү үчүн республикалык бюджеттен 90 миллион сом бөлүнөт. Ага ылайык, пенсионерлер алып жаткан акчанын үстүнө 1700 сомдон 3400 сомго чейин кошулат.

Социалдык фонддун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша пенсиянын өлчөмү жыл сайын индексацияланып келет. Буга чейин 200 сомдон 500 сомго жогорулатылып келсе, быйыл 1-октябрдан тарта базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин деп белгиленип, ал эми камсыздандыруу бөлүгү 15%га жогорулады. Бул тууралуу Социалдык фондунун басма сөз катчысы Адилет Абдылдаев билдирди. Анын айтымында, пенсияларга орточо эсеп менен 2000 сомдун тегерегинде акча кошулду.

Буга чейин пенсиянын орточо өлчөмү 6186 сомду түзүп келсе, жогорулагандан кийин орточо 8080 сомду түздү. Бул башындагы пенсияга салыштырмалуу 33%га же 1988 сомго жогорулап жатат.

Өлкө боюнча 735 миңден ашуун пенсионер бар. Алардын баары 10-октябрдан тарта жогорулатылган пенсия ала баштады.

Социалдык фонддун өкүлү пенсионер Светлана Никитинага эмне үчүн 900 сом гана кошулганын мындай түшүндүрдү:

«Жаш курак менен пенсияга чыгуу үчүн аял кишилерге бир нече талаптар бар. Алар 58 жашка чыгып, 20 жыл эмгек стажы болушу шарт. Мисалы, аял кишинин эмгек стажы 35 жыл болсо, анда ал пенсияга эрте чыгып кетсе болот. Бирок ошол эле учурда эмгек стажы жетпегендер пенсиянын азайтылган өлчөмү менен да чыкса болот. Алардын пенсиясы аз болот. Себеби алар бир нече жылга эрте чыгып жатат. Алардын пропорционалдуу түрдө базалык бөлүгү да аз болот. Жогорудагы пенсионердин эмгек стажы 15 жыл болуп жатпайбы, эсептеп келгенде туура эле болот».

Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагы аялдар үчүн 58, эркектер үчүн 63 жаш.

Өлкөдө калктын 10,4%ын пенсионерлер түзөт. Республика боюнча Ош, Жалал-Абад жана Чүй облусунда пенсионерлер көбүрөөк. Жогорку 22 миң 677 сом пенсия алгандар Бишкек шаарында, ал эми эң төмөнкү пенсия Ош облусунда болуп, 5337 сомду, ошол эле учурда эң төмөнкү эмгек акы Баткен облусунда болуп, 13 миң 17 сомду түзөт.

Ошондой эле эң көп пенсия алуучулар Ош облусунда, жалпы 141 миң 686 пенсионер бар. Андан кийин Жалал-Абад жана Чүй. Ушул үч облуста эң көп пенсия алгандар катталган.

Кыргызстанда пенсиянын көлөмү аз экени айтылып келет. Пенсионерлердин жарымы жашоо минимумунан, тагыраагы, 5800 сомдон төмөн өлчөмдө пенсия алат.

Пенсиянын өлчөмү өткөн жылдын 1-октябрында дагы көтөрүлгөн. Анда 4 миң 785 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сом, ал эми 4 миң 785 сомдон жогору пенсия алгандарга 500 сом кошулган. Пенсияны көбөйтүү үчүн республикалык бюджеттен 154 миллион 300 миң сом бөлүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM