Жогорку Кеңештеги беш фракциядан Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгынан алуу өтүнүчү түштү.
Бул тууралуу парламенттин 20-октябрда жыйынында төрага Нурланбек Шакиев жарыялады.
«Биз бул маселени күн тартибинде карашыбыз керек» , — деди спикер.
Маалыматтарга караганда, Айдарбековду комитет төрагалыгынан алуу чечими парламентке «Ата Журт-Кыргызстан», «Ишеним» жана «Ынтымак» фракциялары, ошондой эле «Мекенчил» жана «Элдик» депутаттык топторунан түшкөн.
Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитетин жетектейт. Ал буга чейин кыргыз-өзбек чек ара маселесине байланыштуу келишим долбоору боюнча чечимге кол коюудан баш тарткан.