Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Беларусиядан зениттик-ракеталык комплекс сатып алууда

Кыска кабар | 19 Окт 2022 | 1087 | 0

Кыргызстан «Печора 2БМ» зениттик-ракеталык комплексин сатып алууда. Бул тууралуу 19-октябрдагы маалымат жыйынында коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.

Анын айтымында, министрлик былтыртан бери «Белтехэкспорт» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.

«Быйыл эле мен Минскиде болуп, Печора-2БМ зениттик-ракеталык комплексин көрдүм. Бул мурдагы S-125 комплексинин азыркы технологиялар менен жаңыланган жаңы система. Радар, аныктоо системасы ж.б. баары бар. Бул комлекс жакында Кыргызстанга алын келинет жана Баткенге жөнөтүлөт», — деди министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM