Биз менен байланышыңыз

Министр: Кыргызстан ЖККУ сыяктуу уюмдардан чыкпашы керек

Кыска кабар | 19 Окт 2022 | 320 | 0

Кыргызстан ЖККУ сыяктуу уюмдардан чыкпашы керек. Коопсуздук жагынан алганда Кыргызстанга пайдасы гана тиет.

Бул тууралуу Коргоо министри Бактыбек Бекболотов 19-октябрда өткөн маалымат жыйында айтты.

«Жамааттык коопсуздук келишим уюму кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кайдыгерлик кылып койду. Эгер ЖККУ өзүнүн ролун катуураак аткарганда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу кагылышка чек койгонго шарты бар болчу. Уюмдун башкы катчысы Станислав Зась Кыргызстанга келгенде президент, министрлер кабинетини төрагасы жолугушкан, мен да ал жерде болгом. Ошондо ага ЖККУнун бир мүчөсү экинчисине кол салып жатканда эмнеге чукул чара көрүлбөгөнүн биз айттык. Устав боюнча чара көрүлүшү керек эле» , — деди министр.

Бекболотов ошондой эле Кыргызстан ЖККУдан чыгар-чыкпасы боюнча сөздөр жүрүп жатканын, бирок андай маселе күн тартибинде жок экенин айтты. Министрдин пикиринде, Кыргызстан чакан мамлекет болгондон кийин аскердик, коопсуздук уюмдарынан чыкпашы керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM