Биз менен байланышыңыз

«Жапаров өзү Путинден чек ара боюнча ортомчу болуп берүүсүн өтүнгөн»

Кыска кабар | 18 Окт 2022 | 495 | 0

Президент Садыр Жапаров Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путинге кыргыз-тажик чек арасындагы маселелер боюнча ортомчу болуп берүүнү өтүнгөн. Бул тууралуу коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Ал Астанадагы жолугушуу ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, Жапаровдун позициясы чек ара маселесин тынч жол менен сүйлөшүп чечүү экенин маалымдады.

«Биздин жарандар үч тараптуу сүйлөшүүнүн кандай аяктаганына кызыгып жатышат. Ачык сүйлөшүү болду. Биздин президенттин чек ара боюнча көз карашы — тынч жол менен сүйлөшүп чечүү. Мындан ары да ушул принцип менен барабыз», — деди Марат Иманкулов.

Айта кетсек, 13-октябрда Астанада Кыргызстан, Орусия, Тажикстандын президенттери чек ара маселелери боюнча үч тараптуу сүйлөшүү өткөргөн.

Путин: кыргыз-тажик чек арасын чечүүдө Москвадагы карталар колдонулат

Copyright © 2017 Maral FM