Биз менен байланышыңыз

Путин: кыргыз-тажик чек арасын чечүүдө Москвадагы карталар колдонулат

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Окт 2022 | 2166 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин кыргыз-тажик чек арасы боюнча үн катты.

Ал бүгүн, 14-октябрда Казакстандын борбору Астанадагы маалымат жыйында Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери менен жолугушуусу тууралуу айтты.

Путин үч тараптуу жолугушууну конструктивдүү деп баалап, эки тарап чек ара маселесин чечүүдө аскердик аракеттерди колдонбоого макул болушканын билдирди. Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасын тактоодо Орусияга ортомчулук кылуу сунушу буга чейин да берилгенин, бирок буга макул болбогонун кошумчалады.

«Ошого карабастан, эки тарап тең чек ара маселесин чечүү боюнча сунуштарын өз алдынча бизге берет. Биз бул документтерди баалап, маселени чечүү жолдорун чечкенге аракет кылабыз. Тийиштүү архивдик документтерди, карталарды көтөрүп чыгабыз. Анткени Москвада бул союздук республикалардын өзүндө жок маалыматтар бар», — деп билдирген Владимир Путин.

Кошумчалай кетсек, кечээ, 13-октябрда Астанада Кыргызстан, Орусия, Тажикстандын президенттери үч тараптуу сүйлөшүү өткөргөн. Жолугушууда Кыргызстандын президенти менен Тажикстандын президенти кол алышкан эмес.

Жапаров КМШ лидерлерин бири-биринин аймактык бүтүндүгүн урматтоого чакырды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM