Биз менен байланышыңыз

Жапаров КМШ лидерлерин бири-биринин аймактык бүтүндүгүн урматтоого чакырды

Кыска кабар | 14 Окт 2022 | 1685 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Астана шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ МБК) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин тар курамдагы кезектеги жыйынында сөз сүйлөдү.

Жыйында КМШ лидерлери кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин, регионалдык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу аспектилерин талкуулашты.

Президент КМШ 30 жылдан ашык мурда олуттуу геосаясий өзгөрүүлөр мезгилинде түзүлгөнүн эске салып, 1991-жылдын 8-декабрындагы КМШны түзүү жөнүндө келишимге, 1991-жылдын 21-декабрындагы Алма-Ата декларациясына жана КМШнын 1993-жылдын 22-январындагы Уставы 15, 1994-жыл 15-апрелдеги  «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин эгемендигин, территориалдык бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийбестигин сактоо жөнүндө» КМШнын Москва декларациясына токтолду. Аларда белгиленген максаттар жана принциптер учурда мурда болуп көрбөгөндөй актуалдуу болуп саналат.

Садыр Жапаров белгилегендей, Шериктештиктин негизги жана кебелбес принциби катышуучу мамлекеттердин ортосундагы достук, ынак коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо элдердин түпкү улуттук кызыкчылыктарына жооп берет жана тынчтыктын жана коопсуздуктун иши.

Мамлекет башчысы бири-биринин территориалдык бүтүндүгүн урматтоо жана азыркы чек аралардын кол тийбестиги сыяктуу маанилүү принципти баса белгиледи. Бул бүгүнкү мамилелердин негизги пайдубалы болгон эң маанилүү келишимдердин бири.

Президент кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманарын дагы бир жолу ырастады.

Мындан тышкары, мамлекет башчы 2023-жылдын 1-январынан тарта КМШга төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөөрүн кошумчалады.

Токаев саммитте суу коопсуздугун камсыздоо маселесин көтөрдү

Copyright © 2017 Maral FM