Биз менен байланышыңыз

Токаев саммитте суу коопсуздугун камсыздоо маселесин көтөрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Окт 2022 | 1012 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын саммитинде суу коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгууга убакыт келгенин билдирди.

КМШ лидерлеринин Астанада өтүп жаткан саммитинин тар чөйрөдөгү жолугушуусунда казак президенти шериктеш өлкөлөр ортосунда суу коопсуздугун камсыздоо маселесин көтөрдү.

«Климаттагы өзгөрүүлөр КМШ өлкөлөрүн суу ресурстары менен камсыздоодогу көйгөйлөрдү ого бетер курчутууда. Биз бул маселени чечүү үчүн ар кандай эл аралык аянтчаларда иш алып барып, натыйжалуу чечим табуунун үстүндө эки тараптуу иш алып баруудабыз. Мына эми шериктеш өлкөлөрдүн аймагында суу коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешип жол картасын иштеп чыгууга убакыт келип жетти», — деген Токаев.

Ал КМШнын аткаруу комитетине трансаймактык суу ресурстарын биргелешип жана эффективдүү колдонуу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды.

Белгилей кетсек, бүгүн Астанада КМШ лидерлеринин жыйыны жана «Борбор Азия+Орусия» форматындагы саммит өтүүдө.

Каспий деңизинин суусу азайып баратат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM