Бүгүнкү күндө Украинанын аймагында Кыргызстандын 50гө жакын жараны калууда. Бул тууралуу 18-октябрда өткөн маалымат жыйынында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев кабарлады.
2022-жылдын октябрь айына карата алардын арасында жабыркаган же каза болгондор жок. Кыргызстандыктар мекенге кайтабыз дешсе элчилик тарабынан көмөк көрсөтүлөрү айтылды.
Украинадагы жагдайга байланыштуу 744 кыргызстандыкка көмөк көрсөтүлүп, анын 551и Кыргызстанга алып келинди.