Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Коомдук талкууга убакыт жок, үч окууда бир карап бериңиздер

Саясат | 18 Окт 2022 | 869 | 0

Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетти «Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун үч окууда бир карап берүү сунушу менен депутат Марлен Маматалиев келди. Анын айтымында, ал мамлекетке өтө керектүү ыкчым өзгөртүүлөрдү талап кылып жаткандыктан коомдук талкууга дагы коюлган эмес. Комитет кабыл алып берсе, ушул бейшемби күнү жалпы жыйынга чыгаруу пландалып жатат.

Марлен Маматалиев мыйзам долбоору 90 депутат тарабынан демилгеленгендигин белгилеп, бирок баарына кол койдуруп жетишпей жатканын билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарын коргоо, өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоо жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында иштелип чыккан.

Депутат Жанар Акаев мыйзам долбооруна каршы эместигин, бирок мыйзамдар баары мыйзам чегинде кабыл алынышы керектигин, бул мыйзамга артыкчылык берилсе, кийин башкалар да ушундай жол менен кабыл алдырууга өтүшөрүн белгиледи.

Ал эми депутат Гуля Кожокулова комитеттер мыйзам долбоорун ийне-жибине чейин дыккат карап, иштей турган мыйзам долбоорун жазыш керектигин белгиледи.

Аларга жооп катары Маматалиев мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгуунун ордуна, керек болсо комитетте дагы жабык карашы керектигин айтты.

Элмурза Сатыбалдиев мыйзам долбоорун шашалыш кабыл алуунун максаты эмне экендигине кызыкты. Марлен Маматалиев мыйзам долбоорунда купуя сырлар бар экендигин, жалпы коомчулук билбей койсо боло турган маселе бар экендигине токтолду.

«Баткендеги элден коомдук отряд түзгөнгө, жергиликтүү мергенчилерди жана шыктууларды куралдандырганга керек болуп жатат. Эч кандай мыйзам долбоорун бир ай коомдук талкууга койгонго убакыт жок. Эртең эмне болуп кете тургандыгына кепилдик жок. Абалды көрүп жатабызго, ар түрдүү окуялар болуп кетип жатат».

Жыйынтыгында комитеттин төрт мүчөсү мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салууга «макул» болсо, төртөө «каршы» добуш беришти. Аягында комитеттин төрагасы жыйындын аягында жабык эшик артында Марлен Маматалиевдин баяндамасын укмай болушту.

Copyright © 2017 Maral FM