Биз менен байланышыңыз

Мыйзам долбоор: Унааларга видеорегистратор милдеттүү түрдө орнотулат

Кыска кабар | 16 Окт 2022 | 757 | 0

Ички иштер министрлиги «Кыргыз Республикасынын жол кыймылы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизген долбоорду коомдук талкууга чыгарды.

Белгилүү болгондой, долбоордо трактор, өзү жүрүүчү (самоход) унаалардан башка унаалардын баарына видеокаттоочу жабдык орнотуу каралган. Айрыкча, жүргүнчү ташыган, кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар милдеттүү түрдө койдурушу керек болот.

Видеокаттоочу жабдык орнотулбаган унаалардын жолдо жүрүүсүнө, Кыргызстандын аймагына каттоосуна тыюу салынат.

Мыйзам колдоо тапса, 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Айта кетсек, Ички иштер министрлигине мыйзам долбоорун жазуу тапшырмасын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ушул жылдын апрель айында берген.

Унааларга видеорегистратор орнотуу милдеттендирилет

Copyright © 2017 Maral FM