Биз менен байланышыңыз

Унааларга видеорегистратор орнотуу милдеттендирилет

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 423 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ички иштер министри Улан Ниязбековго өлкө аймагында катталган автоунааларды милдеттүү түрдө видеорегистратор менен жабдуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап чыгууну тапшырды.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматта унааларды видеорегистраторлор менен жабдуу жолдо тартипти күчтөндүрүүгө, коомдук коопсуздукту чыңдоого мүмкүндүк берери айтылат. Себеби видеокамералардын саны жогорулап, көпчүлүк укук бузуулар видеокамералар аркылуу катталып турат.

Ошондой эле видеорегистратордогу жазуулар жол кырсыгынын себебин талдоодо маанилүү курал болуп берет.

Аталган ченемди 2025-жылга чейин ишке киргизүү сунушталууда. Ошол убакытка чейин унаа ээлери видеорегистратор сатып алууга бюджетин пландаштырышы керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM