Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун Астана сапары: Көтөрүлгөн көйгөйлөр жана жыйынтыктар

Саясат | 14 Окт 2022 | 1100 | 0

Бүгүн Астанада Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өттү. Анда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Ошондой эле бүгүн «Борбордук Азия +Орусия» форматындагы биринчи саммит Казакстандын Астана шаарында аталган чөлкөмдөгү беш мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата өттү. Ага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусиянын президенттери катышып, мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Жолугушуу Москванын демилгеси менен өтүп жатканы белгиленүүдө. Мамлекет башчылары азыркы геосаясий кырдаалда өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, жалпы соода-экономикалык жана башка кызыкчылыктарды коргоо маселелерин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров 12-октябрда иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына барды. Мамлекет башчыны Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды.

Сапардын алкагында ал Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына жана «Борбор Азия + Орусия» мамлекет башчыларынын саммитине катышты.

Астанада 13-октябрда алгач Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитти өттү. Ага Азиянын 28 өлкөсү катышты. Жыйында Садыр Жапаров Кыргызстан цивилизациялар аралык диалогду өнүктүрүүгө жана Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө шарт түзгөн аймактык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча күч-аракеттерди кубаттай тургандыгын айтты.  Ошондой эле тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодо, мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда, анын ичинде элдин жашоосун жогорулатууда коюлган милдеттерди чечүүгө биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Азиядагы өлкөлөрдүн кеңешмесинин жыйынтыгында, Саммитке катышкан мүчө өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары, толук кандуу эл аралык уюмга акырындык менен өтүү процессин баштоо жөнүндө чечим кабыл алышкан.

Кувейттин Азиядагы кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 28-толук мүчөсү катары кабыл алынганы белгилүү болуп, лидерлердин Казакстандын 2024-жылга чейин кеңешменин мөөнөттүү төрагалыгын улантуусу боюнча макулдашкандары маалымдалды.

Мүчө өлкөлөр Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Азербайжан, Афганистан, Бахрейн, Бангладеш, Бириккен Араб Эмираттары, Иран, Ирак, Израиль, Иордания, Катар, Камбоджа,  Египет, Монголия, Пакистан, Индия, Түштүк Корея, Палестина, Шри-Ланка, Кытай, Тажикстан, Таиланд, Орусия, Вьетнам, Өзбекстан жана Кувейттен турат.

13-октябрда кечинде президент Садыр Жапаровдун, Орусиянын президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду. Сүйлөшүүлөр жабык болуп, анда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси каралды.

Жыйындын башында Рахмон менен Жапаров кол алышып учурушкан эмес. Эл аралык эксперттер мындан  алардын ортосундагы мамиленин канчалык татаал экенин көрүүгө боло тургандыгын билдирдишүүдө.

Президенттик Администрациядан билдиришкендей, Путиндин ортомчулугу астында өткөн жолугушууда Садыр Жапаров Владимир Путинге бул биргелешкен жолугушууну өткөрүү жана орун алган көйгөйлүү маселелерди ишеним артуу менен талкуулоо демилгеси, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринде көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманаарын баса белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттерин эске салган.

Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу болгудай кылып тез арада калыптандырууга ынтызар экенин, бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын белгилеген.

14-17- сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасында болгон согушта кыргыз тараптан 63 адам курман болуп, 200гө жакыны жарадар болгон. Ал эми  Тажикстан расмий түрдө 41 адам каза болгонун билдирген.

Бүгүн, 14-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин тар чөйрөдөгү жана кеңейтилген чөйрөдөгү жыйыны өттү.

Президент Садыр Жапаров КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин тар курамдагы жыйынында сөз сүйлөп, КМШ 30 жылдан ашык мурда олуттуу геосаясий өзгөрүүлөр мезгилинде түзүлгөнүн эске салып, 1991-жылдын 8-декабрындагы КМШны түзүү жөнүндө келишимге, 1991-жылдын 21-декабрындагы Алма-Ата декларациясына жана КМШнын 1993-жылдын 22-январындагы Уставы 15, 1994-жыл 15-апрелдеги «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин эгемендигин, территориалдык бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийбестигин сактоо жөнүндө» КМШнын Москва декларациясына токтолду. Аларда белгиленген максаттар жана принциптер учурда өтө актуалдуу болуп жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров Шериктештиктин негизги принциби мамлекеттер ортосундагы достук, ынак коңшулук жана пайдалуу кызматташтык экендигине токтолуп, өлкөлөрдүн бири-биринин территориалдык бүтүндүгүн урматтоого жана чек аралардын кол тийбестигин сактоого чакырды.

Иш-чаранын алкагында Шериктештиктин ичинде кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланып, КМШга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча 16 документке кол коюлду.

Алар коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуу, 2023-2025-жылдарга карата терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, эркин соода кызмат көрсөтүүлөрү, инвестиция түзүү, анын ишмердиги жана аны ишке ашыруу тууралуу макулдашуунун долбоорун даярдоо жана башка бир катар келишимдер боюнча документке кол коюлду.

Жыйында 2023-жылы КМШга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөрүп берилди. Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отуруму Бишкек шаарында өтөт.

«Борбордук Азия +Орусия» форматындагы биринчи саммитте президент Садыр Жапаров Борбордук Азия өлкөлөрү жана Орусия менен мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналарын белгиледи.

«Кыргызстан соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, энергетика, айыл чарба, миграция, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуунун негизги багыттарын комплекстүү өнүктүрүү боюнча биргелешкен күч-аракетте Борбордук Азия — Орусия форматындагы кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө кызыкдар».

Президент саясий диалогду колдоп, актуалдуу маселелерди чечүүнүн эки тарапка алгылыктуу жолдорун таап, эл аралык жана регионалдык уюмдарда кызыкчылыктарды биргелешип илгерилетүү зарылдыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM