Биз менен байланышыңыз

«Азаттык», «Клооп», «Кактус Медианы» жабууну талап кылган митинг өттү

Кыска кабар | 13 Окт 2022 | 392 | 0

Бүгүн, 13-октябрда «Азаттык», «Клооп», «Кактус Медиа» жалпыга маалымдоо каражаттарынын жабылышын талап кылгандар митинг өткөрүштү. Алар «Азаттык медианын» кеңсесинин алдына топтолушту.

Алар Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын иштешине да чектөө киргизилишин талап кылышты.

Бир күн мурун Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова көз карандысыз «Азаттык», «Клооп», «Кактус Медиа» басылмаларын жабуу талабы менен депутаттардан кол чогултуп жатканы белгилүү болгон. Нарматова өзү айтылгандарды четке каккан.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Кыргызстандагы эркин медиалардын иштешине тоскоолдук болбошу керектигин айтып чыгышты.

«Кыргызстанда сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынбашы керек жана сөз эркиндигине толук эркиндик бар. Акыркы күндөрү кээ бир кеситештер жана айрым коомдук ишмерлер тарабынан эркин медиаларга ар кандай каралоолор, бут тосуулар болуп жатканы аябай өкүндүрөт. Парламентте да маселе улам көтөрүлөт, мен унчукпай келем. Ар ким өзүнүн ишин кылышы керек. Депутаттар кайсы бир мекеме бир жерде филиалын ачканына чейин кийлигишебизби? Бийлик менен макул болбой, сын-пикир айткан жарандарыбызга мамлекеттик медиалар сөз береби, албетте жок! Оппозиция-позиция, ак-кара дебей эфир берип турсун, аталган ММКлар өздөрү эле жабылат. Түркмөнстанды көздөй түз эле алып жөнөчүлөр көп экенине таң каласың. Бирок эркин элибиз ага жол бербейт» , — деди Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев.

Дагы бир эл өкүлү Мирлан Самыйкожо: «Бизде бүгүн сөз эркиндигин чектөөгө шымаланып бараткандарды көрүп жатабыз. Сөз эркиндиги чектелсе эртең тилибиз кыркылып калат. Демократиялык өлкө болгондон кийин бул өзүбүздүн ачык ой-пикирибизге болгон кысым деп эсептелинет» , — деди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM