Биз менен байланышыңыз

Депутаттар эркин медиаларды жабуу аракеттери жүрүп жатканына тынчсызданууда

Без рубрики , Саясат | 13 Окт 2022 | 568 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отуруму белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, мурдагы Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алмамбет Матубраимовдун 70 жылдык маарекесине байланышкан иш-чара менен башталып, түштөн кийин депутаттардын кворуму жок жыйын уланбай калды. Эки саат аралыгында депутаттар ар кандай маселелерди көтөрүүгө жетишишти. Көпчүлүк маселелер күзгү жыйноо, кышка даярдык жана өлкөдөгү акыркы абалга байланышуу маселелер болду. Парламенттин бүгүнкү жыйынындагы урунттуу учурларга алдыда кененирээк токтолобуз.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар мамлекеттик жана коомдук ишмер, экс-спикер Алмамбет Матубраимовду 70 жылдык маарекеси менен куттукташты. Иш-чарага парламенттин мурдагы төрагалары, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышты. Жыйында мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов, Легендарлуу парламенттин Төрагасы Медеткан Шеримкулов, академик Миталип Мамытов, Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын Төрагасы, депутат Адахан Мадумаров куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Мааракенин ээси иш-чаранын аягында Алмамбет Матубраимов депутаттарга кайрылып, алардын импичмент жарыялоо укугу бар экендигин айтса, бийликке кайрылып, конструктивдүү иштөөгө чакырды.

«Бир жолу парламенттин III чакырылышынын жыйынында мен үч бийлик бутагы бири-биринен көз карандысыз, тандоо форматында иштеши керек деп айткам. Биздин өлкөдө ар бир бөлүм, ар бир тармак өз кызыкчылыгы үчүн иштейт. Мен бардык президенттер менен иштештим. Тогуз жылда Конституция өзгөрдү, азыр силерде эң мыкты ыйгарым укуктар бар. Эгерде мамлекет башчысы, аткаруу бийлиги мыйзамдарды, Конституцияны аткарбаса, импичмент жарыялоого укугуңар бар. Мурдагы чакырылыштарда депутаттарда мындай укук жок болчу.Бирок азыр парламент, аткаруу бийлиги, сот бийлиги бир деңгээлде. Парламентте сүйлөп, элге таанылышың керек, бирок ошондой эле чечим кабыл алышы дагы зарыл. Бири-бирибизди жек көрсөк, бул тышкы душмандарга гана пайдасын тийгизет. Мүмкүн болушунча ички карама-каршылыктарды жашыруу керек».

Жыйындын жүрүшүндө депутат Жанар Акаев эркин медиаларды жабууга аракеттер жүрүп жаткандыгын белгилеп, “Азаттык», “Кактус”, “Клооп” сайттарын жабуу аракети туура эместигин айтты.

Ага улай эле депутат Мирлан Самыйкожо дагы сөз эркиндигин чектөөгө аракеттер жүрүп жаткандыгын белгилеп, ой-пикир айтууга кысым коюлбашы керектигине токтолду.

«Сөз эркиндигине чектөө болбошу керек. Бүгүн биз сөз эркиндигин чектөөгө шымаланып бара жаткандарды көрүп жатабыз. Сөз эркиндигине чектөө болотурган болсо, эртең биздин тилибиз кыркылып калат. Ачык ой, демократиялуу өлкө болгондон кийин, өзүбүздүн ой-пикирибизге болгон кысым деп эсептелинет. Ошондуктан ушул нерсеге көңүл буруп койсоңуздар».

Ал ортодо «Азаттык» радиосунун Бишкектеги имаратынын алдында чакан митинг болду. Ага келгендер «Азаттык» радиосун, аны менен катар эле Kloop жана Kaktus сайттарын жабууну талап кылышкан. Ал жерге келгендер редакциялардын окуяларды чагылдырышына нааразы экендигин билдиришкен. Чогулгандар чет элдик агенттер туурасында мыйзамдын кабыл алынышын талап кылышарын айтышкан.

Журналисттер акциянын катышуучуларын видеого, сүрөткө тарталы десе баары бетин жаап, эмне талап менен турганы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартышкан.12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев депутат Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана “Кактус Медиа” ЖМКларын жабуу тууралуу кол топтоп жатканын билдирген.Нарматова өзү бул сөздөрдү четке кагып, алар эч негизсиз экенин айтып чыккан.

Жогорку Кеңештин 15-сентябрындагы жыйынында депутаттар Надира Нарматова, Айбек Осмонов жанаШайлообек Атазовдор «Азаттык» радиосунун Ош шаарында Фергана бюросунун ачылышына каршы пикирлерин билдиришкен.

«Азаттык Үналгысынын» миссиясы – сөз эркиндиги орной элек жана ага бийлик тарабынан тыюу салынган өлкөлөрдө маалыматтарды таратуу жана чагылдыруу аркылуу демократиялык баалуулуктарды жана институттарды, ошондой эле адам укуктарын алга сүрөө экендиги жазылат.  «Азаттыктын» Кыргызстандын жети облусунда өзүнүн аймактык журналистери болуп, өлкөдөгү башкы мекемеси Бишкек шаарында жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM