Биз менен байланышыңыз

Жапаров «Борбор Азия + Орусия» президенттеринин саммитине катышат

Кыска кабар | 12 Окт 2022 | 450 | 0

Президент Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен учуп кетти. Ал Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине катышат.

Ошондой эле Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана «Борбор Азия + Россия» мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

Бул иш-чаралар 12-14-октябрда өтөт.

Кыргызстандан барган расмий делегациясынын курамы: 

— Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;

— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев;

– Кыргызстандын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык жана башка органдарындагы туруктуу өкүлү Эрмек Ибраимов;

— КМШнын экономикалык кеңешине караштуу экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы өкүлү Айгүл Рыскулова;

— Башкы прокурордун орун басары Кумарбек Токтакунов;

— Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов.

Copyright © 2017 Maral FM