Биз менен байланышыңыз

Вице-спикер алмашып, бузулган регламентти талкуулаган парламент

Саясат | 12 Окт 2022 | 538 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отуруму биринчи жолу Нурланбек Шакиевдин төрагалыгы астында өттү. Жыйында парламенттин түзүмүндө бир катар өзгөрүүлөр болгондугу жарыяланды. Улан Примов вице-спикерлик кызматын өз каалоосу менен тапшырды. Ошондой эле отурумда Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимдин долбоору боюнча пикирлер айтылды. Парламенттин бүгүнкү жыйынындагы урунттуу учурларга алдыда кененирээк токтолобуз.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында алгач депутат Исхак Масалиев сөз алып, комитеттин 10-октябрдагы жыйыны регламентти одоно бузуу менен өткөнүн белгилеп, карала турган маселенин документи үч күн мурда берилиши керектигин белгиледи. Ошондой эле ал комитеттин мыйзамсыз жыйыны келечекте чоң маселе жаратышы мүмкүн экендигин эскертти.

Кемпир-Абад темасын улай «Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясынан депутат Жаныбек Кыдыкбаев чек ара маселесине этият мамиле кылууга чакырып, дин аалымы маркум Чубак ажы Жалиловдун «чек ара маселесин билбесең, аралашпа» деген сөзүн мисалга тартты. Анын айтымында, тынч жашоо үчүн талаш жерлерди берип болсо да маселени чечүү керек.

«Азыр кээ бир коллегаларыбыз «өтүп кетти, кетти» деп жатышат. Бул маселени мамлекет чечет. Мамлекет чечсин, ошол мамлекетке ишенбейлиби. Элди тынчтыкка чакырбайлыбы. Мамлекеттин чечимин колдоп берели». 

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун колдогон. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы добуш берген.

Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков өзү документтерди көрмөйүнчө макулдук бербесин билдирсе, депутат Адахан Мадумаров жыйын регламентти одоно бузуу менен өтүп, долбоор боюнча материалдар берилбегенин белгилеп, чечим кабыл алуу мыйзамсыз деп чыгып кеткен.

Кыдыкбаевге жооп катары депутат Адахан Мадумаров парламенттин жыйынында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимдин долбоору мыйзамдын талабы менен каралышы керектигин белгилеп, Конституцияда жана регламентте кандай жазылса, эреже ошондой болушу зарылдыгын эскертти.

«Бул жерде «чек араны чечебиз, ушундай кылуу керек болуп калды десе, колуңарга документти алып, окубай туруп добуш берген туура эмес» деген маселе кетип бара жатат. Аны ким дүрбөтүп жатат? Мыйзамдуулукту талап кылып жатат. Жогорку Кеңеш — мыйзам чыгаруу бутагы. Эгерде биз мыйзамды тебелеп, Конституцияны бузган болсок, анда эч кимден мыйзамдуулукту талап кылганга укугубуз жок деген маселе болуп жатат. Элди будуң-чаңга салса эле кете бербейт, бизге караганда көбүрөөк билишет. Алар бизден айырмаланып, ошол аймакта жашайт. «Биздин тагдырды мыйзамдын негизинде чечип бериңиздер» деп кайрылып жатат. Бул жерде мыйзамдуулук сөз болуп жатат. Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча парламенттик угуу деген менен анын формасы кармалбады, комитеттин отуруму дешип, бирок анын режими кармалган жок».

Ал ортодо Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов өз каалоосу менен вице-спикерлик кызматын тапшырганын жарыялады.

«Жаңы төраганы шайладык. Биз аны менен бир фракцияда болгондуктан моралдык жоопкерчиликти сезип, төраганын орун басары кызматын тапшырууну туура көрдүм».

Улан Примов — «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү. Аталган фракциянын лидери Нурланбек Шакиев өткөн аптада Талант Мамытовдун ордуна Жогорку Кеңешке спикер болуп келген. Талант Мамытов Тажикстандын акыркы куралдуу кол салуусунан кийинки окуялардын таасиринен улам кызматын тапшырган.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова калган эки вице-спикерди да кетирип, жаңыдан шайлоону сунуштады.
«Төрага алмашты. Эми анын орун басарлары алмашса, ашыкчалык кылбайт. Эгерде төрагаларды алмаштыргыңар келбесе, анда фракциялар кайрадан ушул талапкерлерди сунуш кылып, кайрадан шайлап алгыла. Ал мыйзам ченемдүү көрүнүш. Биринчи мен сунуш бердим, менин сунушумду үч депутат колдоду. Ошондуктан сунушумду колго салып коюңуз». 
Анткен менен депутат Улугбек Ормонов төраганын орун басарларын кетирүүнүн өзүнчө жол-жобосу бар экенин эскертти.
«Биз үч вице-спикер тең кетишин каалайбыз, добушка койгула» деген туура эмес. Андай сунуш добушка коюлбайт. Ишеним көрсөтпөө менен кызматтан алсак болот. Эгер ката кетирген болсо, чыгып ачык айтыңыздар. Жөн эле «кет» дей берген болбойт».
Ал эми Марлен Маматалиев вице-спикерлер курамына кирген фракциянын чечими менен гана иштен алынарын белгиледи.
Түшкү танапистен кийин Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордуна Нурланбек Азыгалиевдин талапкерлиги жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагалыгына Мурадил Сыдыковдун талапкерлиги сунушталып, шайланды.

Copyright © 2017 Maral FM