Эртең, 13-октябрда Бишкек шаарынын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Саат 9:00дөн 24:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде суу өчүрүлөт. Себеби «Гагарин» суу топтомолору жана шаардык түтүк тармактарына оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Таза суу өчүрүлө турган аймактар:
•Ала-Арча суусу — темир жол линиясы – Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары;
•Жаш Гвардия бульвары — темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси.