Connect with us

Кемпир-Абад: кезек президент менен парламентте

Саясат | 11 Окт 2022 | 850 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу түзүлгөн келишим боюнча Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жабык жыйынында маалымат берди. Ташиев билдиргендей, түзүлгөн макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жерди Өзбекстанга берип, анын ордуна кенемте катары 18 миң гектар жер алуу пландалууда. Андан соң эки тараптуу келишимдин долбоору колдоо тапты. Комитетке мүчө алты депутат «макул», төрт депутат «каршы» добуш бергенин депутат Чыңгыз Айдарбеков айтып, өзү документтерди көрмөйүнчө колдобой турганын билдирди. Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын коргойбу? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 10-октябрда парламентте билдиргендей, түзүлгөн макулдашуу боюнча Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жерди Өзбекстанга берип, анын ордуна кенемте катары 18 миң гектар жер алуу пландалууда. Алар Жалал-Абад облусундагы Гавасай тилкесинен 13 300, Ала-Бука жана Оштун Кара-Суу районунан 4 127, Өзгөн районунан 500, Сузак районунан 500 гектар жер беришет. Бирок, анын айтымында, Кемпир-Абаддагы сууну башкаруу үчүн эки өлкө биргелешкен ишкана түзүп, чогуу иштетет.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун колдоду. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы добуш берген.

Алдыда комитет колдогон келишимдин долбооруна Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери кол коёт. Андан соң аталган келишимдин долбоору кайрадан Жогорку Кеңешке мыйзам долбоору катары ратификацияга келет.

Коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов кыргыз-өзбек чек арасы боюнча түзүлгөн акыркы келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобой турганын айтып, ага каршылыгын белгиледи.

«Кечээ парламентте болгон жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, маалыматты жашырбоого, бирин айтып, экинчисин бекитпөөгө чакырдым. Ошондон кийин гана мен айткан токтомго өттү. Себеби ал токтомдо 1975-жылы эле биздин чек араны тактап, кол койгон өкмөт башчы Акматбек Сүйүнбаев болгон. Ал такталып, кол коюлган токтомдо баары так көрүнүп турат. Чек ара мына ошол токтомдо көрсөтүлгөндөй болушу керек. Анан «биз 4 миң гектардан ашык жерди берип, ал жактан 18 миң гектар жер алдык» деп жатканы — карандай жалган. Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча талаш жаратып, аны Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы такталбаган талаш жерлерди аныктоо боюнча жалпы чек ара маселесине оодарып жатышат. 100% бизге таандык болгон Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 миң гектар жерди кармата салып, талаш болгон жердин 90%ын алдык деп жатышат. Алар Өзбекстандын жерин алган жок. Ал жерлер ортодогу талаш жерлер болуп жатат. Бирок аны талаш жерлер экенин айтпай жатат».

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттеги жыйында келишимдин долбоорун комитет менен макулдашууга гана алып келгенин айткан. Бирок кечинде эки өлкө президенттери кол коё турган келишимдин долбоорун талкуулоо жана сунуш берүү үчүн комитеттин жыйыны өтүп, колдоо тапкан. Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков өзү документтерди көрмөйүнчө макулдук бербесин билдирсе, депутат Адахан Мадумаров жыйын регламентти одоно бузуу менен өтүп, долбоор боюнча материалдар берилбегенин белгилеп, чечим кабыл алуу мыйзамсыз деп чыгып кеткен.

Саясатчы Улукбек Маматаев бийлик жана парламент мамлекеттин кызыкчылыгына карама-каршы келген чечимдерди кабыл алууга аракет кылып жатканын сынга алды. Ошол эле учурда ал тиешелүү органдар чек ара маселесин чечүүгө даяр эмесин айтты.

«Комитетте айтылган бийликтин аргументтери мени такыр ынандыра алган жок, бүгүнкү күндүн гана аргументтери менен жашап, эртеңки элдин тагдыры депутаттарды да, бийликти да кызыктырбагандай сезилди. Мамлекетти башкаруу оор, чек араны аныктоо андан да оор. Ошондой маселелерге, жагдайларга жана маселени чечүүгө даяр болуп, анан бийликке баруу керек. Мен депутаттарды да, бийликти да бүгүнкү маселелерге даяр деп айта албайм. Булар маселени чечет, бирок башка нукта чечет. Булар Тажикстан менен Өзбекстандын кызыкчылыгына чечип, биздин мамлекетке туура келбеген чечимдерди кабыл алып жатышат».

Жабык өткөн жыйында депутат Балбак Түлөбаев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы келишимдин долбоорун колдой турганын айтып, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштаган. Ошондой эле №12 Өзгөн округунан депутат болуп шайланган Элмурза Сатыбалдиев да келишимдин долбоорун колдой турганын журналисттерге билдирди.

«Мен сунушталып жаткан келишимдин ичин ача албайм. Себеби жашыруун каралып жатпайбы? Мен аны жалпысынан колдойм. Буюрса парламентке ратификацияга келет. Бизден Жогорку Кеңештен ратификациядан өтмөйүнчө, бул мыйзам күчүнө кирбейт. Президенттер кол коюп койгон учурда да. Азыркы комитеттин жыйыны — комиссиянын ишинин туура-туура эместигине гана макулдук берүү».

Ушул жылдын 26-сентябрында Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келген. Ал кыргыз тараптан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен биргеликте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык жаңы келишимдин долбоорун баштоо тууралуу протоколго кол коюшкан.

Анын сапарынан кийин «Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилет экен» деген кептер тараган. 1-октябрда Өзгөн районунун тургундары Кемпир-Абад суу сактагычын жана анын айланасындагы жер тилкелерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыгышкан. 4-октябрда Өзгөн шаарына чек ара маселеси боюнча президент Садыр Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана депутаттар барып, жабык жыйын өткөрүшкөн. Ага эл толук кирбей калып, нааразычылыктар болгон.

Саясатчы Равшан Жээнбеков учурда юридикалык жактан бул маселени токтотуу керек болсо, бийликте ошондой саясий эрк бар болсо, анда келишимдин долбоорун токтотуп калуунун бир топ жолдору бар экендигине токтолду.

«Биринчи кезекте, президент өзү авторитардык президент катарында, Кыргызстандагы бардык бийликти колуна топтогон мамлекет башчысы катарында өзбек бийлигине маалымат берип, «Бизде нааразычылык күчтүү болуп жатат, бизде ЖМКлар эркин, кандай болгон күндө да оппозиция бар, азыркы чечимге каршы болгон эл бар. Ошондуктан мен бул маселени чечүүдөн, жоопкерчилик алуудан, туура эмес чечим кабыл алуудан тартынып жатам», — деп баш тартса болот. Бул президенттин жеке жоопкерчилигиндеги маселе.

Экинчи жолу, парламент. Мыйзам долбоору катары келгенде бийлик басым жасабай, парламентти эркине коё турган болсо, анда бул маселе ратификациядан өтпөйт. Анткени Кыргызстандын эң маанилүү стратегиялык жери, суунун булагы болгон Кемпир-Абадды берип коюу ар депутат үчүн саясий өлүмгө тете. Ошондуктан бул маселени чечүүдө парламенттин өз эркине коё турган болсо, мен толук ишенем, өтпөйт. Ал эми коркутуп-үркүтө турган болсо, бул маселе өтөт. Мына ушул эки жол менен азыркы бийлик жок дегенде Кемпир-Абадды сактап калганга, маселени созуп турганга, кийинчерээк чечкенге мүмкүнчүлүк алса болот».

Жарандык активист Атай Бейшебек уулу мыйзам бузуу жолу менен комитет макулдугун бергенин сындап, чек аралар боюнча протоколдордун ачыкталышын талап кылып, чечим кабыл алууда жергиликтүү элдин үнү маанилүү экенин эскертти.

Өзгөн районунун тургундары 10-октябрда Өзгөн райондук администрациянын алдына чогулуп, Кемпир-Абад суу сактагычын жана анын айланасындагы жер тилкелерин Өзбекстанга берүүгө каршы пикирин билдиришип, Кемпир-Абад мурда кандай болсо, ошондой калышын талап кылышты.

Эскерте кетсек, 15-октябрда Өзгөн районунун эли Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча элдик курултай өтө турганын жарыялашты.

Copyright © 2017 Maral FM