Биз менен байланышыңыз

Комитетте кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору колдоо тапты

Кыска кабар | 10 Окт 2022 | 621 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасын демаркация жана делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык жаңы келишимдин долбоорун жабык эшик артында карап, долбоорду колдоду. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешов билдирди.

Анын айтымында, эми Эл аралык комитет колдогон келишимдин долбооруна Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери кол коет. Андан соң аталган келишимдин долбоору кайрадан Жогорку Кеңешке мыйзам долбоору катары ратификацияга келет.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте билдиргендей, түзүлгөн макулдашуу боюнча Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жерди Өзбекстанга берип, анын ордуна компенсация катары 18 миң гектар жер алуу  пландалууда. Алар Жалал-Абад облусундагы Гавасай тилкесинен 13 300, Ала-Бука жана Оштун Кара-Суу районунан 4 127, Өзгөн районунан 500, Сузак районунан 500 гектар жер беришет. Бирок, анын айтымында, Кемпир-Абаддагы сууну башкаруу үчүн эки өлкө биргелешкен ишкана түзүп, чогуу иштетет.

Ушул жылдын 26-сентябрында Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келген. Ал кыргыз тараптан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен биргеликте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык жаңы келишимдин долбоорун баштоо тууралуу протоколго кол коюшкан.

Анын сапарынан кийин «Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилет экен» деген кептер тараган. 

4-октябрда Өзгөн шаарына чек ара маселеси боюнча президент Садыр Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана депутаттар барып, жабык жыйын өткөрүшкөн. Ага эл толук кирбей калып, нааразычылктар болгон.

15-октябрда Өзгөн районунун эли Кемпир-Абад суу сактагычы  боюнча элдик курултай өтө тургандыгын жарыялашты.

«Өзбекстан Кемпир-Абад боюнча келишимдин өздөрүнө пайдалуу жактарын гана аткарып келишкен»

Copyright © 2017 Maral FM