Connect with us

«Өзбекстан Кемпир-Абад боюнча келишимдин өздөрүнө пайдалуу жактарын гана аткарып келишкен»

Блог , Саясат | 10 Окт 2022 | 594 | 0

Кемпир-Абад суу сактагычы учурдун курч маселесине айланып турган кези. Ал боюнча макулдашуулардын жана документтердин мазмуну тууралуу коомчулукка маалымат толук, так берилбей, айрым учурда бурмаланган кабарлар басымдуулук кылгандыктан түшүнүксүз жагдайлар жаралууда. Кемпир-Абад тууралуу ошол жерде туулуп-өскөн, ошол жердеги айылдардан көчүп чыккан элдин өкүлү, 1991-1998-жылдары Өзгөн райондук жер комитетинде жетекчинин орун басары болуп эмгектенген, экономика илимдеринин кандидаты Акыл Айтбаев менен маектештик. 

— 1-4-октябрда Өзгөн эли «Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилбесин!» деген талап менен чыгышты. Документтерге таянсак, Кемпир-Абад суу сактагычынын канча пайызы, кайсы өлкөгө таандык жер?

— Документтерге таянсак, Кемпир-Абад суу сактагычынын 90% ашык жери Кыргыз Республикасына таандык жер!

Жогорку карта 1959-1963, 1983-1984- жылдары тартылган материалдардан түзүлүп, 1986-1987 -жылдары жаңыланган 1:50000 масштабтагы карта боюнча түзүлгөн («Составлена по карте масштаба 1:50000, созданной по материалам съемки 1959-63, 83, 84гг, обновленной в 1986, 87 гг.» – картада ушинтип жазылып турат).

Ушул картада кыргыз-өзбек чек арасы кайсы жерден өткөнү жана Кемпир-Абад суу сактагычындагы суу басып турган жердин 90%дан ашыгы Кыргызстанга тийиштүү жер экени даана көрүнүп турат. Кыргыз-өзбек чек арасы Кемпир-Абад суу сактагычындагы суу тосмонун (плотинанын) орто ченинен өтүп, Кара-Дарыянын нугу аркылуу болжол менен 8 км жогору барып, андан кийин Жалал-Абад тарапка бурулуп кетет. Ушул картадагы кыргыз-өзбек чек арасынын түндүк тарабы Өзбекстанга, ал эми түштүк тарабы Кыргызстанга таандык жерлер.

«Союз учурундагы республикалардын ээлешкен аймактарын тааныйбыз, чек араларын бузбоого кепилдик беребиз…» деген, бардык республикаларда ратификацияланып күчүнө кирген эл аралык декларацияларга (Алма-Ата, Минск, Москва) жана «Достук», «Түбөлүк достук…» келишимдерине (14.03 1991-ж, 24.12 1996-ж, 10.01.1997-ж) ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычындагы суу тосмонун бир бөлүгү, суу басып турган жердин 90%дан ашыгы Кыргызстанга — бизге таандык жер. Бул жерлер да, бул жердин алдындагы кен байлыктар да, жердин үстүндөгү суу да, суунун ичиндеги балыктар да, суу тосмонун (плотинанын) бир бөлүгү да, Кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин менчиги!

Бул жерлер илгертен Кыргызстандын жери болуп келген. Бул жерде биздин ата-бабаларыбыз жашаган, алардын издери калган, биз туулуп-өскөнбүз!

Кемпир-Абад суу сактагычын куруу макулдашылган кезде (1963 жана 1967-жылдардагы протоколдор) Өзбек ССРи өзүнүн каражатынан жана өздөрүнүн күчү менен Солжээктеги (Левобережный) Кемпир-Абад каналын 219 км (кийин 70 км кыскарган) Бүргөндү массивине (Северный Сох) чейин, узундугу 30 км болгон Өзгөн-Ханабад унаа жолун, Жазы дарыясына көпүрө жана 500 гектар жерди кургатуу үчүн коллектордук-дренаждык системаны (КДС) куруп бермек болгон. Кемпир-Абад суу сактагычы 1980-жылы пайдаланууга берилген, ал эми Өзбек ССРи жогорудагы аталган каналды жана башка милдеттенмелерин бүгүнкү күнгө чейин аткарган жок!

Ошол канал аркылуу биз 20 миң гектар жерди сугат айдоого айландырып, Кемпир-Абад суу сактагычынан жыл сайын 227 млн куб суу алып турмай болгонбуз! Бул иштер өз убагында аткарылса, канча адам жумуш менен камсыз болуп, канчалаган пайда көрмөкпүз. Ошол эле кезде Өзбекстан Республикасында 44,3 миң гектар сугат жер пайда болгон.

Коллектордук-дренаждык системаны өзбек тарап салбагандыгынын кесепетинен Өзгөн, Кара-Суу райондорунун аймактарында жалпысынан 5028,4га жер сазга айланып, жерден туз чыгып, айыл чарбалык ишке жарабай, канчалаган зыян тарттык.

— Кемпир-Абадка байланыштуу маселе качан көтөрүлө баштады? Эмне себептен?

— Мен 1965-жылы Кемпир-Абад суу сактагычындагы суу басып турган жерде туулуп-өскөм. 1991-1998-жылдары Өзгөн райондук жер комитетинде жетекчинин орун басары болуп эмгектенгем. Ошондуктан Кемпир-Абад суу сактагычы аркылуу өткөн кыргыз-өзбек чек арасынын так билем. Ал жылдары да, андан кийин да Кемпир-Абадга байланыштуу Өзбекстан менен эч кандай талаш болгон эмес. Мен талаш жөнүндө эч кандай сөз уккан эмесмин.

2021-жылы 30-марттагы Өзгөн районунун тургундары менен болгон жолугушууда Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычында суунун деңгээлин өзбек тарап 900чү (горизонталь) белгиге чейин гана көтөрө алышарын жана ошол 900чү белгиге чейинки суунун алдындагы жерлерди Өзбекстанда өткөрүп бергенин ачык айткан. Ошол күндөн баштап Кемпир-Абадга байланыштуу талаш башталды.

— Суу сактагычтагы сууну ким башкарып келген?

— СССР кезинен бери Кемпир-Абад суу сактагычындагы суу тосмону Өзбекстан коргоого алып, толугу менен колдонуп келет. Белгилеп кетүүчү маселе: Кемпир-Абад суу сактагычынын суу тосмосунун курулушунда иштеген Абдразак Матмусаев агабыздын сөзү боюнча суу тосмо менен бирге эки ГЭС кошо курулган. Кыргыз-өзбек чек арасы суу тосмонун орто ченинен өтөт. Ошол ГЭСтердин экөө тең кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын кыргыз тарабында, Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Бирок Кемпир-Абад суу сактагычындагы суу тосмонун бир бөлүгү, ошол тосмо менен кошо курулган эки ГЭС жөнүндө маселе Акаевдин бийлиги учурунан бери көтөрүлгөн да эмес, бул жөнүндө маалымат элге жеткен да эмес.

2022-жылдын 27-сентябрында «Ош ТВнын» кечки жаңылыктар топтомунан «Өзбек тарап сунуштаган Кемпир-Абад суу сактагычынын аймагындагы 50 гектар жерди 20 гектар жерге азайтуу боюнча кайрадан сүйлөшүүлөр болорун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууда билдирген»деген сөздөр айтылды. Дал ошол 20 гектар жерде Кыргызстандын менчиги, кыргыз элинин менчиги болуп эсептелген Кемпир-Абад суу тосмосунун (плотинанын) биздин аймакта жайгашкан бөлүгү жана эки ГЭС бар! Бул эки ГЭС жөнүндө Камчыбек Ташиевге 2021-жылы 25-апрелде Өзгөн районунун эли менен болгон Куршаб стадионундагы жолугушуусунда расмий айтылган.

«Союз учурундагы республикалардын ээлеген аймактарын тааныйбыз, чек араларын бузбоого кепилдик беребиз…» деген, эл аралык декларацияларга (Алма-Ата, Минск, Москва) жана «Достук», «Түбөлүк достук…» келишимдерине (14.03.1991ж, 24.12.1996ж, 10.01.1997ж) ылайык бул эки ГЭС да Кыргыз мамлекетинин менчиги, кыргыз элинин менчиги! Ушул жылдын 4-октябрь күнү Өзгөндө эл менен жабык эшик артында жолугушкан кезде Садыр Жапаровго Кемпир-Абад суу тосмосунун (плотинанын) биздин аймакта жайгашкан бөлүгү жана эки ГЭС жөнүндө расмий айткам.

Азыркы мезгилге чейин Өзбекстан мамлекети иштетип жүргөндүктөн бул маселени көтөрүп, эки ГЭСти алардан өзүбүзгө өткөрүп алуубуз керек! Бул эки ГЭСти өзүбүзгө өткөрүп алууга толук укугубуз бар, себеби:

  • Бул эки ГЭСти иштетүүгө керектелген суу бизден барат;
  • Ошол сууну сактаган жер биздики;
  • Суу тосмонун ошол эки ГЭС курулган бөлүгү биздики;
  • Ошол эки ГЭС биздин аймакта СССР кезинде курулган, ошондуктан биздики, Кыргыз мамлекетинин менчиги, кыргыз элинин менчиги!

Эмнеге суу тосмонун биздин аймакта жайгашкан бөлүгү жана эки ГЭС биздин стратегиялык объект катары каралбайт? Ошол эки ГЭС жөнүндө эмнеге эч кандай сөз жок? Эмне үчүн бул 20га жерди эч кандай стратегиялык объекттери жок, эч кандай баасы жок жер катары өткөрүп берип жатышат?

«Кемпир-Абадды буга чейин толук Өзбекстан тарап көзөмөлдөп келсе, эми мындан ары 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкарабыз деген келишимге келдик» деди президент. Бул билдирүүнү кандай түшүнсөк болот?

— Жараткан жалгасын, ошондой болсун! Суу тосмонун биздин аймакта жайгашкан бөлүгүн жана ошол суу тосмодогу эки ГЭСти Биргелешкен ишканага биздин үлүш катары кошуп түзсө, абдан туура болот. Бирок бул стратегиялык объекттерди 20 гектар жерге кошуп Өзбекстанга өткөрүп берип коюп, андан кийин биргелешкен ишкана түзөбүз дегенин кандай түшүнсөк болот?

«Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900 горизонтко түшүрдүк. Ошондо көлдүн жээгинен 1246 гектар жер бошоп, бизге өтүп жатат. Ал жерди ошол жерде жашаган элибиз түбөлүк айыл чарба багытына колдонот» — деди президент. Ал билдирүүсүн кантип түшүнсөк болот?

Туура, Кемпир-Абад суу сактагычындагы суунун деңгээли 900чү (горизонталь) белгиге чейин азайганда 1246 гектар жер ачылат. Бул жерлер илгертен Кыргызстандын жери болуп келген жана бул жерлер биздин ата-бабаларыбыз жашаган, алардын издери калган ыйык жерибиз, биздин туулуп-өскөн жерибиз! Азыр да Кыргызстанга таандык жер.

Жергиликтүү жашоочулардын айтуусу боюнча акыркы жылдары суу аз болуп, Кемпир-Абад суу сактагычындагы суунун деңгээли 900чү (горизонталь) белгиге жетпей жатат! Жылдан жылга суу тартыштыгы күчөгөн сайын өзбек тарап каалаган кезде да суунун деңгээли 900чү (горизонталь) белгиден жогору көтөрүлгүдөй эмес. Демек алардын «сууну 900чү (горизонталь) белгиден жогору көтөрбөйбүз» деген убадасы маанисин жоготууда!

Бийликтегилер: «Суу баскан жерди бердик, бирок алар тосушпайт» – деп элге айтып жатышат, анда өзбек тарапка чек араны өзгөртүүнүн эмне кажети бар?

Жылдан-жылга суу азаят, жер ошол боюнча калат! Суу азайган сайын биз иштетүүгө мүмкүнчүлүк алган жерлердин аянты көбөйөт, биз өзүбүздүн жерлерибизди кайрадан өзүбүз иштете баштайбыз! Бул жерлердин алдында ар түрдүү кен байлык болушу толук мүмкүн!

Суу басып калган жерлерде айыл чарба жумуштарын жүргүзүүгө мүмкүн болбогондуктан алар бизге башка жерлерди компенсация катары бөлүп беришмей болгон. Өзбекстан менен жер алмашуу болгон эмес! Ошондуктан кыргыз-өзбек чек арасы өзгөртүүсүз калган!

Исмаил Исаков белгилегендей, эгин эккенге эң ыңгайлуу 5731 гектар биздин жердин ордуна алар 4127 гектар таштак, суу чыкпаган, эгинге пайдасыз жерлерден бөлүп-бөлүп, ар кандай участкалардан «беришкен», 1604 гектар жер компенсацияланбай, бизге берилбей калган экен. Андан башка, плотинанын бийиктигин, 1984-жылы биздин уруксатсыз, өз алдынча 2 метрге көтөрүшүп, кошумча биздин 269,5 гектар эгиндик жана 7,5 гектар көп жылдык өсүмдүктүү жерибиз суу алдына басылып калган. Компенсацияланбаган жана суу астында калган жерлер 2518 гектар.

Белгилеп кете турган маселе, коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов айтмакчы, Кемпир-Абад суу сактагычын курууга Кыргыз ССР Министрлер Советинин 22-октябрь 1965-жылдагы №475 токтому менен бөлүнүп берилген жерлерди Кыргыз ССРи жана Өзбек ССРи арасындагы республикалык чек араны өзгөртпөстөн Ош облусунун чек-арасынын ичинде сактап калуу жөнүндө Кыргыз ССР Министрлер Советинин 20-февраль 1975-жылдагы №74 токтому кабыл алынган.

Дагы бир белгилеп кете турган маселе, ушул жылдын 4-октябрь күнү Өзгөндө эл менен жолугушуунун жабык эшик артында өтүп жаткан себебин Садыр Жапаров: «Кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерлердин 99%ы Кыргызстандын пайдасына чечилди, мындай маалыматтын ачыкка чыгарылбай туруусун Өзбекстан тарап суранды», — деп суранды. Бирок көп өтпөй эле «Кабар» маалыматтык агенттигине берген маегинде өзү мындай маалыматты жар салганына мен да түшүнбөй турам!

Кудай өзү сактасын, бирок Кемпир-Абад суу сактагычы аркылуу өткөн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы өзгөрүп, жогорку картада көрсөтүлгөндөй 900чү белги (горизонталь) аркылуу өтүп калса, анда бардык маселе мыйзамдаштырылгандан кийин «Өзбекстан Республикасы келишимдеги шарттарды толук аткарат, ошол 900чү белгиден (горизонталь) чек-араны тоспойт» деп эч ким кепилдик бере албайт! Себеби ушул мезгилге чейин алар келишимдин өздөрүнө пайдалуу жактарын гана аткарып келишкен.

Кемпир-Абад суу сактагычы курулгандан бери ушунча зыян тартканыбыз аз келгенсип, ошондон бери жыл сайын эбегейсиз пайда көрүп келген өзбек тарапка эми жерибизди да мындан ары түбөлүккө өткөрүп берелиби? Адилеттүүлүк кайда?

Copyright © 2017 Maral FM