Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча ачыкталган келишимдин чоо-жайы

Саясат | 10 Окт 2022 | 660 | 0

Бүгүн тармактык комитеттин жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык жаңы келишимдин долбоорун сунуштады. Долбоордо Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жерди Өзбекстанга берип, анын ордуна компенсация катары 18 миң гектар жер алуу  пландалып жатканын айтты. Ошондой эле ал кыргыз-өзбек чек арасы боюнча президенттер келишимге азырынча кол кое электигин, кол коюлгандан кийин гана Жогорку Кеңешке ратификацияга докумкенттерди алып келе тургандыгын маалымдады. Ташиев жаңы түзүлүп жаткан долбоордо мамлекеттик сыр болгондуктан аны жабык кароону сунуштап, 8 депутаттын «макулдугу» менен келишимдин долбоору жабык каралды.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасын демаркация жана делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык жаңы келишимдин долбоорун жабык эшик артында талкуулашты.

Жыйындын башы ачык өтүп, Ташиев долбоор боюнча айтып баштаган негизги бөлүгү жабык түрүндө болуп, жыйынга катышуучулардын телефон, камера жана диктафондорду алып кирүүсүнө уруксат берилген жок. Жада калса депутаттардын өздөрүнө дагы телефон менен кирүүгө уруксат берилген жок. Мындай кадамга эл өкүлү Мирлан Самыйкожо нааразычылыгын билдирди.

«Эмне үчүн жыйнга кирүүгө чектөө болуп жатат, Башмыйзам бийик турабы же буйрукпу? Биздин үч депутатты сырттан бир сааттан бери киргизбей жатышат. Баш мыйзамда парламенттин депутаты тинтилүүгө, текшерүүгө алынууга мүмкүн эмес деп жазылып турат. Бул эмне деген парламенттин үстүнөн басмырлоо, бул эмне деген басмырлоо. Мындай болбош керек. Президент кечээ ачык өтсүн деди эле, президенттин үстүнөн дагы президент барбы?»

Бир катар депутаттар жана Адахан Мадумаров комитетке келишимдин долбоорлору 3 күн мурда депутаттарга берилиши керектигин белгилешип, регламент бузуулуу менен өтүп жатканын билдиришти.

«Азыркы регламенттин Конституция менен дал келишин талап кылып, 9 айдан бери кыйкырып жаткан менмин. Бирок Жогорку Кеңеш дал келирген жок. Ошол регламент менен жашап жатабыз. Бул регламент конституциялык күчкө ээ. Анын 116-беренесин караңыз. Бүгүн комитет эмес, угуу, талкуу деп айтып атпайбызбы. Түшүнүксүз болбошу үчүн орусчасын окуп берейин. Комитеттер парламенттик угуунун темасы аныкталагандан кийин 10 күн мурда өтүлүүчу жайын жана датасын парламентиин сайтына жарыялайт» деп айтылып турат. Кайсы жагына бурабасаңыздар дагы мыйзамды бузуп атабыз. Кайсы фракция жыйын өткөрдү, бүгүнкү составду аныкташ үчүн. Менин сугушум бирөө эле, «мыйзамды бузуп барбайлы» деп жатам. Угалы, уккула, бирок мыйзам көрсөткөн жол менен баралычы».

Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков келишимдин долбоору комитетке бүгүн эртең менен гана келип түшкөнүн белгилеп, бүгүн кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо долбоорун ратификациялоо каралбай турганын, жөн гана коомдук угуу болорун, эч кандай чечим кабыл алынбай тургандыгын айтты.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жыйындын маанисин жана эмне себептен видеого тарттырбай жатканын түшүндүрдү.

«Туура, кечээ президент ачык өтсүн деп айткан. Президент менен бүгүн эртең менен макулдашканбыз. Биз көрсөтчү көптөгөн маалыматтар, карталар купуя сыр. Келишимдерге кол коюлгандан кийин гана ачыктайбыз. Алардын баарын кол койгонго чейин ачыктаганга укугубуз жок. Андыктан биз бетме-бет отуруп коомчулукка, журналисттерге ачык түшүндүрүп берели деп жатабыз. Бул документтерге эки өлкө башчысы кол койгондон кийин гана ачыкка чыгарыбыз. Азырынча ушул деңгэээлде гана маалымат берели деп чечтик. Президенттердин өз ара сүйлөшүүлөрүнүн негизинде көптөгөн маселелер чечилди. Биздин кыргыз-өхбекч чек арасы боюнча түзүлгөн өкмөтөр аралык комиссия 2020-жылдан бери иштеп жатабыз. мына ошол эки жыл аралыгында кемчиликтерин толуктап, ашыкчасын алып, азыр акыркы келишимке келип токтолдук. Бул боюнча  жергиликтүү тургундар менени жолугушуп келдик, албетте эл арасында колдогону дагы, колдобогону дагы бар. Ошондуктан сиздердин алдыңыздарга документти алып чыгып жатабыз». 

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте билдиргендей, түзүлгөн макулдашуу боюнча Кыргызстанга өттү делген жерлер:

  • Гавасай 12 872 миң гектар,
  • Көк-Серек 105 гектар,
  • Баястан 212 гектар,
  • Унгар-Тоо 35 гектар,
  • Кара-Белес 25 гектар,
  • Ак-Таш 100 гектар (Кара-Суу району),
  • Шарихан каналынын башталышынан 19,5 гектар (жерди эки тарап бири-бири менен алмашты).
  • Өзгөн жана Сузак райондорунда 1000 гектар.

Камчыбек Ташиев эки тарап бул чечимге кол коюлса, анда Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга көбөйөт деп ишендирди.

Ал эми Кемпир-Абад маселесинде суу сактагыч жайгашкан 4485 гектар Өзбекстанга өтүп, анын ордуна жогоруда аталган Ош жана Жалал-Абад облустарынан жалпысынан 18 миң гектардан ашуун жер алынмай болду. Ошондой эле, Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айтты. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900гө түшүрүлөт. Анда 1246 гектар жер бошоп, аны кыргызстандык жергиликтүү тургундар колдонот. Эгерде келечекте суу сактагыч турган аймактагы суу агып кете турган болсо, анда ал жерге Өзбекстан ээлик кылып кала берет.

Учурда парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Ага коомдук активисттер, саясатчылар, аксакалдар, ЖМК өкүлдөрү катышууда. Бирок сүрөт, видеого тартууга, үн жазууга тыюу салынган.

Ушул жылдын 26-сентябрында Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келген. Ал кыргыз тараптан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен биргеликте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык жаңы келишимдин долбоорун баштоо тууралуу протоколго кол коюшкан. Анын сапарынан кийин «Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилет экен» деген кептер тараган. 

4-октябрда Өзгөн шаарына чек ара маселеси боюнча президент Садыр Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана депутаттар барып, жабык жыйын өткөрүшкөн. Ага эл толук кирбей калып, нааразычылктар болгон.

15-октябрда Өзгөн районунун эли Кемпир-Абад суу сактагычы  боюнча элдик курултай өтө тургандыгын жарыялашты.

Copyright © 2017 Maral FM