Биз менен байланышыңыз

Жапаров Путинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады

Кыска кабар | 7 Окт 2022 | 400 | 0

Бүгүн, 7-октябрда президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Алар кыргыз-орус эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Жапаров Путинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар түбөлүк союздаш жана стратегиялык өнөктөш катары  эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарууга даярдыгын белгилешти.

Владимир Путиндин 70 жылдык мааракесине Жапаров катышкан жок. Анын куттуктоосун жеткирүү үчүн мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM