Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров КМШнын Орусиядагы бейформал саммитине катышпайт

Кыска кабар | 7 Окт 2022 | 1339 | 0

Президент Садыр Жапаров 7-октябрда Санкт-Петербургда өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин лидерлеринин бейрасмий жыйынына барбайт.

Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышууда.

Бүгүн, 7-октябрда Санкт-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал саммити өтөт. Анда уюмдун алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо, ошондой эле Орусия жана Тажикстандын президенттеринин юбилейлерин белгилөө пландалууда.

Ушул саммитте тажик президенти Эмомали Рахмонго аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылгандыгы үчүн сыйлык тапшырылат. Орусия президенти Владимир Путин Эмомали Рахмонду 4-октябрда «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» III даражадагы ордени менен сыйлаган.

Быйыл 14-17-сентябрда Тажикстандын Кыргызстанга карата жасаган куралдуу агрессиясынын кесепетинен Баткен облусундагы  жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык, жарандык объектилер кыйраган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык, анын ичинде аскер кызматкерлери жана жай тургундар мерт болуп, 200гө жакын киши жараат алды.

Былтыр апрель-майдагы куралдуу кагылышта 36 киши жаран кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM