Биз менен байланышыңыз

Журналисттердин сотторго нааразычылыгы, сот өкүлдөрүнүн журналисттерге айткан сыны

Саясат | 6 Окт 2022 | 517 | 0

Бүгүн, 6-октябрда Бишкекте сот тутумунун жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсү тууралуу талкуу уюштурулду. Иш чара Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков баштаган сот өкүлдөрү катышты.

Анда ЖМК өкүлдөрүнүн жана сот системасынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктары, кемчиликтери туурасында сөз козголду. Ошондой эле, Жогорку соттун төрагасы журналисттердин айрым суроолоруна жооп берди. 

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков сөзүнүн башында массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн чыныгы демократиялык коомду курууга багытталган, конструктивдүү сынга негизделген материалдары чоң мааниге ээ экендигин белгиледи.

Бирок соттук териштирүүнү так билбей туруп, сотторду негизсиз сындап, алардын чечимдерин жаманатты кылган көз карандысыз журналисттер, блогерлер жалган жалаа таратканы үчүн мыйзам алдында жоопкерчиликке тартыла тургандыгын эскертти.

“Мен кызматка киришкен күндөн тартып судьялардан сот адилеттигинин сапаттуу жүргүзүлүшүн, мыйзамдын так сакталышын, соттук иштерди жана материалдарды кароонун мөөнөттөрүн сактоону коомчулукка жана массалык маалымат каражаттарына ачык жана жеткиликтүү болушун талап кылып жатам.  Коомчулукта нааразылык жараткан айрым сот чечимдери боюнча судьялар маалымат жыйындарында түшүндүрмө бере башташты”.

Жогорку соттун судьясы Кеңешбек Токтомамбетов болсо, сот иштерин чагылдыруу практикасынын оң жана терс жактарын атап,  журналисттерди соттук териштирүүлөр боюнча материалдарды жазууда кылдат болууга чакырды.

“Айрым учурларда журналисттер оор кылмыш иштери боюнча материалдарды берип жатканда жеке маалыматтарды ачыкка чыгарып, чакан айылдардын, шаарлардын атын, мектептердин номерлерин, жада калса жабырлануучунун жакын туугандарынын аты-жөнүн, фамилияларын берип салышат. Зордук-зомбулукка кабылгандардын айрымдары өздөрү  окуган жана жашаган коомдордо стигманын курмандыктарына чалдыгып жаткандыгын  жаңылыктардан көрүп жатабыз. Ушуга байланыштуу мен журналисттерди деперсонификациялоону колдонууга, зордук-зомбулукка кабылгандардын гана эмес, алардын туугандарынын да чыныгы аты-жөнүн  журналисттик иликтөөлөрдө, аналитикалык материалдарды даярдап жатканда жашырууга чакырат элем”, — деди ал.

Сот өкүлдөрүнүн мындай билдирүүлөрүнө талкууга катышкан журналисттер да  жооп беришти. Алсак, көз карандысыз журналисттер союзунун төрагасынын орун басары Семетей Аманбеков, журналисттердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу көп сындар айтылганына нааразычылыгын билдирди.

Ал медиа өкүлдөрүн сындагандан мурун, соттор тиги же бул кишилерге, айрыкча мамлекеттик кызматтагыларга жана блогерлерге карата чыгарган өкүмү тууралуу түшүндүрмө берүүсүн талап кылды.

Соттор жашыруун саясатты жүргүзүүдөн арылып, журналисттерге, коомго ачык болуусун сунуштады.

“Мен журналисттер кандай көйгөйлөргө туш болорун айта кетсем. Мисалы сиз жогоруда “суроолор боюнча соттун өзүнөн сырткары, сот отурумунун төрагасынын катчысына кайрылсаңар болот”, — деп айтып кеттиңиз. Сиз биздин катчылардын деңгээлин билесизби? Менин түздөн-түз соттор менен иштешкен кесиптештерим бар, алар да айтып беришет. Биринчиден, катчылардын журналисттердин суроолоруна жооп берүүгө ыйгарым укугу жок. Экинчиден, кайсы сот процесстерин видеофиксация жасоого болору жана болбой тургандыгы так белгисиз. Аны судья өзү чечет: “Залды тартсаңар болот, мени тартпагыла”, — деп дайыма тыюу салынат. Дагы башка ушул сыяктуу сиздин өзүңүздүн сөзүңүзгө карама-каршы келген нормалар бар. Ошолорду так белгилеп коюуну сунуштайт элем”, — деди ал.

Журналист Аманбеков жогорку соттун төрагасын журналисттер менен алаканы жакшыртып, биргелешип иштешүүгө чакырды.

Өз кезегинде Замирбек Базарбеков сунушту кабыл аларын айтып, мындан ары соттор өкүм чыгаргандан кийин сөзсүз түрдө комментарий жана түшүндүрмө берип турарын убадалады.

Мындан сырткары, Жогорку соттун төрагасына эмне үчүн соттор жашы жете электерди зордуктоого шектелген жарандарды үй камагына чыгарып, ал эми журналисттерди жана блоггерлерди дароо сот залынан камакка алынып жаткан учурлар боюнча суроо берилди.

Замирбеков бөгөт коюу чарасын тандоодо айрым судьялар тарабынан ката кетирилгендигин моюнга алды.

«Ооба, судьялар дагы ката кетиришет, алар тараптан да кемчиликтер кетип жатат. Журналисттердин иштери каралып жатканда, өтө этият болуп, камакка алуу чечимин кабыл алууда мыйзамдарды деталдуу изилдеп, бардык юридикалык жактарды эске алуу керек деп айтып, талап коюп жатабыз. Эгерде чечимдер жогоруда айтылгандарды эске албастан кабыл алынса, анда алар жогору турган инстанцияларда каралат. Ката кетирилип жатат, бирок биз алардын үстүнөн иштегибиз келет», — деди ал.

Талкуунун жыйынтыгында Замирбек Базарбеков сот тутумунун маалыматтык ачыктыгын камсыз кылуу үчүн соттор менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өз ара байланышы эки  тараптын мыйзамдарынын негизинде курулушу керек экендигин баса белгиледи.

Анын айтымында, сот тутуму журналисттерге толук маалымат берип турууга  милдеттүү. Ал эми ЖМК өз кезегинде бир гана маалыматты талап  кылбастан, сот тутумун өнүктүрүүгө, коомчулукка укуктук жактан  сабаттуу маалыматтарды берүүгө  көмөктөшүүсү зарыл.

Замирбек Базарбеков Жогорку Соттун төрагасы болуп 2022-жылы февралда дайындалган. Конституцияга ылайык, бул кызматты 5 жыл аркалайт.

Copyright © 2017 Maral FM