Биз менен байланышыңыз

Санкт-Петербургда 27 кыргызстандык ууланып ооруканага жаткырылды

Кыска кабар | 6 Окт 2022 | 224 | 0

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 27 кыргызстандык ууланып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, алар Лахта-Борбордогу курулушта иштеп жаткан. «Прайдекс» иш берүүчү компаниясы кыргызстандыктарды жатаканага жайгаштырып, үч маал тамак менен камсыздап турган.

«Ууланган кыргызстандык жарандар ооруканага жаткырылган. Алдын ала маалымат боюнча, абалдары канааттандырарлык деп бааланууда. Текшерүү жүргүзүлүп, суу жана тамак үлгүлөрү экспертиза үчүн алынган», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM