Биз менен байланышыңыз

Парламентте «Мекенчил» тобу түзүлдү

Саясат | 6 Окт 2022 | 1009 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумуна жаңы шайланган төрага Нурланбек Шакиев келген жок, жыйынды спикердин орун басарлары кезектешип алып барышты. Жыйында жаңы «Мекенчил» парламенттик тобу түзүлгөндүгү жарыяланды. Ошондой эле отурумда президент сунуштаган төрт министрдин талапкерлигин кароодон Жогорку Кеңеш баш тартты. Эл өкүлдөрү Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун өзү келип, кепил болуу талабын коюшту. Парламенттин бүгүнкү жыйынындагы урунттуу учурларга алдыда кененирээк токтолобуз.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутаттардан алгач Элмурза Сатыбалдиев сөз сүйлөп, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясына бир мандаттуу округдан кирген 14 депутат бөлүнүп чыгып, «Мекенчил» парламенттик тобу түзүлгөндүгүн жарыялады.

Анын айтымында, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясына лидер болуп, депутат Бакыт Сыдыков дайындалган.

«Сиздерге расмий жарыя, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери парламенттин төрагасы болуп шайлагандан кийин биз жыйын өткөрүп, фракциянын ичинде алмашуулар болду. «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясына бир мандаттуу округдан шайланып келип кошулган депутаттар бөлүнүп чыгып, «Мекенчил» парламенттик тобун түзүк. Ошого байланшытуу биздин топко секретардык жумушту камсыз кылып бериңиздер».

«Ата журт-Кыргызстан» фракциясынан Эльмурза Сатыбалдиев, Шаирбек Ташиев, Искендер Матраимов, Коргонбай уулу Жусупбек, Нурланбек Шакиев, Айбек Осмонов, Ырысбек Атажанов, Нурбек Алимбеков, Айбек Алтынбеков, Жаныбек Абиров, Улан Бакасов, Данияр Толонов, Азизбек Турсунбаев жана Карим Ханджеза бөлүнүп чыгышкан.

Ошентип фракцияда бир мандаттуу округдан шайланып келип кошулган депутаттардан төрт гана депутат калган. Былтыр парламентке келери менен 18 депутат «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясына кошулган болчу.

Андан соң президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов төрт министрди алып келип тааныштырды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Алтынбек Максутов, билим берүү жана илим министрлигине Уланбек Мамбетакунов, энергетика министрлигине Таалайбек Ибраев, транспорт министрлигине Тилек Текебаев сунушталган.

Жогорку Кеңештин депутаттары парламентке келген төрт министрдин талапкерлигин кароодон баш тартышты. Алар баш тартууга негизги жөө катары жаңы сунушталып жаткан министрлердин жоопкерчилиги экендигин белгилешип, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышты.

Депутат Акылбек Түмөнбаев өкмөт башчы өзү келип ар бир министрге өзү кепил болуп, өзү кошо жоопкерчиликти алуусун талап кылды.

«Өмөт башчы өзү минтсрлерди алып келип тааныштырып, маалмат берсин. Министрлер кетип жатат, келип жатат, иш козголуп жатат, булардын баарына бир киши жооп бериши керек. Акылбек Жапаров кечээ кечке чейин ушул парламентте жүрдү эле, бүгүн убактысы болбой калганбы? Министрлер үчүн өкмөт башчы жооп бериши керек».

Депутат Мирлан Самыйкожо мурдагы министрлер эмнеден улам кеткенин, азыркылары кимдер экендигин өмөт башчылары жетелеп келип айтып койбойбу деген сунушун айтты.

«Бул төрт министр жетимби? Бирөө жетектеп келип айтып койбойбу? Бул министрлер кетти, алардын ордуна мыналар жетектеп келе жатат деп. Куштун эки канатындай болгон эки министрлик алмашып жатат. Алардын бири маданият, экинчиси билим берүү министрлиги. Биздин маңызыбыз маданият менен билимде, туугандар. Ошондуктан биздин кечээ Баткенде окко учкан баатырларыбыз унутулуп бара жатат. Биз минитсрлерди шайлоо менен, ички интригалар менен аларды унутуп калбайлы. Аларды унутуп калсак, бизди тарых кечирбейт. Жапаров келип министрлерди айтып берсин жана баатырларга болгон кам кандай болуп жатат? Мен ушул нерселерди суранат элем».

Эл өкүлү Аида Исатбек кызы өкмөт башчы өзүнүн кызыкчылыгы болгондо эртең мененки саат 8:00дөн кечки 17:00гө чейин ЖКда жүрөрүн айтып, мындайда келбей койгондугун сындады.

«Кечээ төраганы шайлоонун алдында Акылбек Үсөнбекович баш болуп, Курманкул Зулушев төш болуп Ак үйдүн ичинде жүрүштү. Бүгүн министрлерди шайлоодо кандайдыр бир суроолор жаралганда чакырсак такыр келишпейт. Андыктан мен да Акылбек Жапаровдун келишин талап кылам».

Натыйжада Жапаров келгенге чейин талапкерлерди карабай турган болуп, аларды залдан чыгарып жиберишти. Президенттин өкүлү Алмасбек Абытов президент талапкерлерди тааныштырууну ага жүктөгөнүн айтты. Бирок депутаттар ага макул болушкан жок. Танапистен кийин төрт министрди тааныштырууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев келди. Парламент министрлик кызматка талапкерлерди Акылбек Жапаровсуз карап баштады.

Ар бир министрге өзүн жана программасын тааныштырууга убакыт берилди. Энергетика министрлигине сунушталган Таалайбек Ибраев энергетика тармагындагы алдыдагы пландарга токтолду.
«Эки жылдан бери электр энергиясын импорттоп келе жатабыз. Өзбекстандан 2 млрд кв саатка транзитке келишим түзүлдү. 14-октябрга чейин Түркмөнстанга барып, ошол электр энегияга кол коюп келебиз. Кийинки жылга Казакстандан 600 млн кв/саат импорт кылабыз». 
Билим берүү жана илим министрлигине талапкер Уланбек Мамбетакунов негизги үч багытта иш алып бара тургандыгын белгилеп, окуучуларга, студенттеррге жана мугалимдерге шыктандыруучу чөйрөнү түзүү негизми максаты экендигин белгиледи.
«Үч негизги багыт бар. Окуучуларга жана студенттерге шыктандыруучу чөйрөнү түзүп берүү. Бул педагогикалык, психологиялык жана инфраструктуралык шарттарды туура тизүп берүү менен кызыктыруп окутуу. Ошол эле учурда окуучулар менен студенттерди илимий жана руханий жактан өнүктүрүшүбүз керек».
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине бара жаткан Алтынбек Максутов маданият тармагына реформа жасоо үчүн биринчи кезекте кадрларды туура даярдоо маселеси турарын айтты.

«Маданиятта реформа жасай турган жумуштар көп. Жөнөкөй эле маданиятка алып келе турган жаштарды ала турган болсок, окуу жайлардан башташ керек. Бизде окуу жайларда көп көйгөйлөр бар. Кадрларды тандоо боюнча чоң жумуштарды башташыбыз керек. Кыргызстанда эле эмес, жаштарды чет өлкөгө окутуп келишибиз керек».

Ал эми транспорт министрлигине сунушталган Тилек Текебаев өткөн жылы ачылган «Кыргызунаажолдор» ишканасын жана «Жол фондун» өнүктүрүүнүн үстүнөн иштей тургандыгын айтты.

Эскерте кетсек, Конституция боюнча, министрлер парламенттин макулдугу менен президент тарабынан дайындалат. Садыр Жапаров 3-октябрда төрт министрди кызматтан бошоткон. Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев, энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматынан кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM