Биз менен байланышыңыз

Эки жылда эмне өзгөрдү? Эксперттердин пикирлери

Саясат | 5 Окт 2022 | 620 | 0

Бүгүн Октябрь окуяларына толук эки жыл толду. 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого нааразы болгон партиялар 5-октябрда түштөн кийин «Ала-Тоо» аянтында митинг уюштурган. Милиция митингге чыккандарды күч менен таратууга аракет кылган. 6-октябрга караган түнү нааразы болгон эл ак үйдү басып алган. Андан аз убакыт өтпөй өлкөдө бийлик алмашып, кийин Баш мыйзам өзгөрүп, өлкө президенттик башкарууга жол алды.

Октябрь окуясынан кийинки эки жыл аралыгында өлкөдө эмне өзгөрүүлөр болгонун, азыркы бийлик ошол кездеги элдин үмүтүн канчалык актай алганы туурасында саясат талдоочулардын пикирлерин чогулттук. 

2020-жылы 6-октябрга караган түнү милиция менен эл кагылышканда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу кулак тундуруучу жардыргычтан катуу жараат алып каза болгон. Андан тышкары жүздөгөн адам ооруканага кайрылган. Көбүнүн көзүнө, башына, денесине желим ок тийген, сабалгандары да болгон.

Октябрь окуяларындагы башаламандыктардын чыгымы 372 млн. сом деп эсептелип, ондогон курал-жарактар жоголгону белгилүү болду. Бийлик алмашуусуна алып келген тополоңго байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир нече саясатчыга кылмыш иши козголгон.

Нааразылыктар менен коштолгон ошол жылдагы парламенттик шайлоодон кийин бийлик башына келген президент Садыр Жапаров өлкөнүн башкаруу формасын президенттикке өткөрүп, бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алган.

Бул эки жыл аралыгында эч кандай өзгөрүү болбогонун саясат талдоочу Улукбек Маматаев билдирди.

Анын пикиринде, экономикалык өсүш байкалган жок, элдин жашоо шарты, социалдык абалы оор бойдон калууда жана айлык-маяналар жогорулатылганы менен кымбатчылык күндөн күнгө өсүүдө. Жазылып кабыл алынган антикризистик программалар да эффективдүү иштеп кете алган жок. Акыркы кезде бийлик өкүлдөрү элден алыстап, ачык айта турган маалыматтарды жашырып, жабык эшик артында карап жатышканын туура эмес деп эсептейт.

«Тышкы саясат боюнча айта турган болсок, баарына белгилүү болгондой коңшу мамлекеттер менен мамилебиз жакшырган жок. Тажикстан менен алакабыз чыңалуу бойдон калып, жакшырган жок. Кыргызстандын стратегиялык маанилүү объекттерин Өзбекстанга берип, муну менен өзүбүз утулуп гана бул өлкө менен дос болуп жатабыз. Биз бардык жактан утулуп жатабыз».

Бийликтин алмашуусу менен өкмөт башчы да, анын аталышы да алмашты. Өкмөттүн 22 мүчөсүнүн 16сы гана калтырылып, ирилештирүү саясаты жүзөгө ашырылды. Бир канча министрлик бириктирилип, бир топ агенттиктер жоюлган. Бирок бул саясат өз максатына жетпей, аты гана өзгөрүп, заты ошол бойдон калганын саясат талдоочулар айтат. Муну бүгүнкү күнгө чейин министрликтер өз милдеттенмелерин аныктай албай, башаламандыкта иштеп жатышканынан байкоого болот.

Ал тургай кадр саясаты да башалмандыктын акыркы чегине жеткенин саясий эксперт Айданбек Акматов белгиледи. Президенттин саат сайын, күнүнө бир нече жолу кадрларды алмаштыруусун жана муну оюнчук катары кабыл алганын сынга алды.

«Күн сайын коррупциялык жаңжалдар, кадрлардын кетүүсү болуп жатат. Өкмөттүн мүчөлөрүнүн да көбү кандайдыр бир максаттуу план программасы жок эле, күнүмдүк эле отуруп туралы деп иштеп жатат деген ойдомун. Азыркы бийлик баарын ачык айкын кылышы керек. Ачыктык жок болуп, эки адамдын кадамдары, субьективдүү чечимдери чоң катачылыктарга жол берип жатат. Былтыркы Баткендеги окуяга обьективдүү баа берүүгө эчкимдин дарамети жеткен жок. Быйылкы жылы да ошол көрүнүш кайталанды. Кийинкисинде кайталанбайт деп эчким кепилдик бере албай жатат. Мындай учурда парламент өзүнүн баасын берип, эмне себеп? Ким күнөөлүү? Деген сыяктуу баа бериши керек эле. Ошол эле кезде Күмтөр боюнча бийликте ачыктык жана тактык жетишпей турат».

Ал эми саясат талдоочу Алмаз Тажыбай эки жылдын ичинде өлкөдө жакшы да, жаман да окуялар болду деп эсептейт. Анын пикиринде, тышкы саясатта бир да жетишкендик болгон жок, бирок ички саясатты алгылыктуу иштер алып барылды. Тактап айтканда, жемкорлук менен күрөшүү, мугалимдердин айлыктарын көбөйтүү, укук коргоо органдарына социалдык жардам көрсөтүлүшү жана башкалар.

Бирок эки жыл ичинде популисттик жарыялар көбөйүп, мамлекет демократия жактан артка кеткенин кошумчалады.

«Эки жылдын ичинде демократиядан артка кайттык. Өзгөчө адам укуктары, сөз эркиндиги чектелгени, тынч митингдерди өткөрүүгө тыюу салганы менен демократиялык өлкөгөнүн принциптерине каршы туруп жатабыз. Мурда демократиялык өлкөлөрдүн арасында 7чи орунда ээлесек, азыр 115чи болуп автократиялык, авторитардык топко кирдик. Эркин пикир айтып же жазып койгон үчүн да мыйзамдар пайда болду. Ошондой эле, жарандык коомго да кошумча дискриминациялык мыйзам кирди».

Саясат талдоочу кошумчалагандай, элдин азыркы социалдык абалы чыңалды. Эгер бийлик өкүлдөрү мындан ары да “өз билемдик” саясатын уланта берсе, эл көтөрүлүп төртүнчү ыңкылапка алып келиши мүмкүн. Ошондуктан мамлекеттик органдар, бийлик башында тургандар бул коркунучту азайтуу үчүн элди экиге жарып-бөлбөй, калк менен сүйлөшүп, кеңешүүгө баруу зарылчыгын белгиледи.

Президент Садыр Жапаровдун эки жылдык башкаруусунда тажик баскынчылары Кыргызстанга эки жолу кол салышты.

Өткөн жылы апрель айынын соңунда жана быйыл сентябрдын орто ченинде кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш болуп, жалпы 100дөн ашуун кыргыз жаран каза болуп, 200гө чукул адам ар кандай жараат алган жана 600дөн ашуун турак жай жана жүздөгөн социалдык обьекттер зыянга учураган. 140 миң адам коопсуз жайга көчүрүлгөн. Бул окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстандын алдын ала даярдаган аскердик агрессиясы» деп айыптаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM