Биз менен байланышыңыз

Кадрдык алмашуу парламентке жетти

Саясат | 5 Окт 2022 | 905 | 0

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары бүгүн, 5-октябрда өткөн отурумда жаңы төрага шайлоого киришти. Төрага Талант Мамытов жыйын учурунда күтүүсүз жерден өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Мамытов кызматтан кетүүсүн жакында эле болгон парламенттеги окуяга байланыштырды. Парламенттин бүгүнкү жыйынындагы урунттуу учурларга алдыда кененирээк токтолобуз.

Жогорку Кеңешке өткөн жылдын 29-декабрында төрага болгон Талант Мамытовдун бүгүн кызматын өз каалоосу менен тапшырды. Ал өз кайрылуусунда парламентти башкарып турган учурунда өлкө үчүн бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынгандыгын белгиледи. Ошондой эле ал кызматынан кетишине чек ара маселеси боюнча жабык жыйындагы чуу себеп болгонун айтты.

«Мен кызматтан кетүү боюнча чечимди өзүм кабыл алдым. Буга жакындагы окуя себеп болду. Аны кээ бир депутаттарыбыз айтып коомчулукка дагы чыгып кетти. Анда баарыбыз Баткенге кеткенбиз. Ошондо эле арыз жазып кетейин дегем. Бирок кесиптештерим айтып, токтотуп калды. Бул менин жеке чечимим. Бүгүндөн тартып төрагалык кызмат бош, мен кызматымды тапшырдым».

«Ынтымак» парламенттик фракциясынан депутат болгон Талант Мамытов мыйзам боюнча мындан ары депутат катары ишин уланта берет. Жыйынды вице-спикер Улан Примов алып барууда.

Талант Мамытов кызматын тапшырып парламенттин жыйындар залынан чыгып кеткенден кийин бир катар депутаттар анын өз кызматын жогорку деңгээлде жана бейтарап алып баргандыгын белгилешти.

Депутат Жанарбек Акаев Мамытов мындан эки жыл мурунку Октябрь окуялары учурунда спикерлик кылып, чоң жоопкерчиликти алганын белгилеп, депутаттар аны колдоп келгенине басым жасады. Ошондой эле ал кечиктирбестен бүгүнкү жыйындын күн тартибинде жаңы төраганы бекитүүнү сунуштады.

Ошентип Жогорку Кеңеш бүгүн эле жаңы төраганы шайлай турган болду. Депутаттар саат 14:00гө чейин тыныгууга чыгышып, ал аралыкта фракциялар ич ара макулдашып, төрагалыкка талапкерин сунушташты.

Спикердин ордуна Элдик депутаттык тобу, «Ишеним» фракциясы, «Альянс» фракциясы жана «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан Нурлан Шакиевдин талапкерлигин көрсөтүү чечимин сунушташты.

Нурлан Шакиев 1977-жылы Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган. «Обон», «Учкун» жана «Эркин-Тоо» басылмаларында эмгектенип, 2009-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы болгон. 2009-2010 жылдары – КР президентинин кеңешчиси – «ЭлТР» коомдук телеканалынын башкы директорунун милдетин аткаруучу кызматын аркалаган. 2010-2011-жылдары Маданият, маалымат жана туризм министри болгон.

2019-жылы октябрь айында Улуттук коопсуздук комитети «New TV» телерадио компаниясынын жетекчиси Нурланбек Шакиевди профилактикалык сүйлөшүүгө чакырган. Аталган маалымат булагында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин 70 жылдыгына арналган роликтер көрсөтүлүп келген.

Жыйында депутат Дастан Бекешев талапкерлиги сунушталып жаткан Нурлан Шакиевге мурдагы президент Курманбек Бакиев тууралуу суроо узатты. Нурлан Шакиев мурда иштеп кеткен бардык президенттерге, анын ичинде Бакивдерге көз карашы — коомчулуктун пикири менен бирдей экенин айтты.

«Мен жеке адам катары, жаран катары айта турган болсом, мурда иштеп кеткен бардык президенттерге, анын ичинде Бакиевдерге карата көз карашым — коомдон кескин айырмаланбайт. Коомдогу көз караш кандай болсо, меники да ошондой».

Андан соң депутаттардан эсептөө комиссиясы түзүлүп, жашыруун добуш берүү бюллетень салуу жолу менен өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен депутат Жанар Акаев тааныштырды. Жыйынтыгында добуш берген 87 депутаттын 80 добушун алган Нурлан Шакиев төрагалыкка шайланды. Ал эми 6 депутат каршы добуш берген. Бир бюллетень болсо жараксыз болгон.

Нурлан Шакиев 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо «Республика — Ата-Журт» партиясынан катышкан. Өткөн жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо «Ата- Журт-Кыргызстан» фракциясынан депутат болуп келген.

Шакиев төрагалык кызматка киришип жатып, өз милдеттерин татыктуу аткарууга аракет кыла тургандыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM