Биз менен байланышыңыз

Катарынан «кеткен» министрлер, таржымалы күмөндүү кадрлар

Саясат | 4 Окт 2022 | 726 | 0

Аптанын биринчи күнү өкмөттүн төрт министри иштен алынды. Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев жана Энергетика министри Доскул Бекмурзаев президенттин чечими менен иштен алынса, Транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.

Өткөн аптадагы парламенттин жалпы жыйынында айрым депутаттар аткаруу бийлигинин Баткендеги чек ара жаңжалында жеткиликтүү иш алып баралбай жатканын сындап, өкмөттүн отставкасын талап кылган.

Анда депутат Балбак Түлөбаев былтыркы окуядан кийин Баткенге бөлүнгөн 500 миллион сомдун дайыны жок экенин айтып, анын отчетун бийликтен талап кылып, же өкмөттүн же парламенттин отставкага кетиши керектигин айткан.

Ал эми депутат Акылбек Түмөнбаев Баткенге бөлүнгөн акча туура эмес иштетилип жатканын сындап, пара алган министрлер үчүн Акылбек Жапаров жооп берип, отставкага кетиши керектигин билдирген.

«Баарыбыз кайрылып атабыз, өкмөт бир ишти алдыга жылдырган жок. Баткенге бөлүнгөн акчаны туура эмес иштетип, эл ошол акчаны алалбай отурат. Биз бул жерде президентке эле кайрыла бербей, кабминдин төрагасына талап коелу, бүгүнкү ошол киши министрлерди сунуштап, алып келип атат. Алардын ичинен пара алып атышат, кылмыш иши козголуп камалып жатышат, алар үчүн министрлер кабинетинин төрагасы жооп бериши керекпи? Же ал отставкага кетиши керек, — деп билдирген Түмөнбаев.

Депутаттардын мындай талабынан үч күн өтүп, өкмөттүн төрт министрлигинде кадрдык алмашуулар болуп жатат. Муну кадимки процесс катары кабыл алынарын депутат Нурланбек Шакиев айтат.

«Кадр саясатын, кимди коюп, кимди алат аткаруу бийлиги чечет. Эми министрлердин алмаштырылышы кадимки эле көрүнүш, жыйынтык чыгаралбагандарын алмаштырыш керек. Ал эми Акылбек Жапаров келгенден бери мамлекеттик бюджет дээрлик эки эсеге жакын өстү, өнөр-жай тармагында да бир топ өсүү бар, мен позитивдүү көз караштамын. Жакында жылдык отчетун берет, ошондо дагы көрөбүз».

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, ички дүң продукция былтыр январь-август айына карата 405,2 млрд сомду түзсө, быйылкы январь-август айында 505,9 млрд сомго көбөйгөн. Деген менен Акылбек Жапаров бир жыл мурунку берген убадасы боюнча 2021-жылга карата бюджеттин көлөмү 280 млрд сом болушу керек эле, бирок анда 209,9 млрд сомду гана түзүп калган.

Саясатчы, өкмөттүн курамында бир катар жогорку кызматтарда иштеген Өмүрбек Суваналиев мамлекеттеги кадр саясаты башынан туура эмес башталганын айтат. Анын пикиринде министрлердин көбү Акылбек Жапаровдун сунушу менен дайындалган.

«Акылбек Жапаровдун кадр саясатын башынан эле колдогон эмесмин. Биз үчүн ал канча жылдан бери саясатта жүрүп, аткаруу бийлигинде иштегени көп суроолорду жараткан инсан. Анын репутациясы аябай начар, анткени, бизнес чөйрөсү көмүскө. Анын достору, мурунку иштешкен адамдары коррупция менен кармалган. Азыр ал дайындаган кадрлар коррупция менен кармалып жатпайбы. Негизи аны дайындоонун өзү Садыр Жапаров үчүн чоң катачылык болгон».

Суваналиев кадр саясатына жана башка иштерге мыйзам боюнча Садыр Жапаров жооп берерин кошумчалады.

«Негизи башынан эле Садыр Жапаров адашып алган, “мен кадрлардын мурунку катачылыктарына карабайм, азыр иштегенине карайм” деп. Бул мамлекеттик кызматтын талаптарына каршы келет. Ошон үчүн азыр министрлер пара менен кармалып жатат. Бул үчүн Садыр Жапаров жоопкерчилик алган».

Жогорку кеңештин V чакырылышынын депутаты Жылдызкан Жолдошева кадрдык саясат эгемен Кыргызстанда канаттандырарлык деңгээлде жүргүзүлө элек экенин, мамлеттик кызматтарга бийликке келген адамдар өздөрүнө тиешелүү кадрларды дайындай тургандыгын айтат.

Ал кечээ Энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Таалайбек Ибраевди мурда мамлекетке зыян келтиргенин айтып, аны “Дастан” мамлекеттик иш-канасынын мурунку башчысы Алексей Ширшов менен байланышы бар экенин билдирди.

«Энергетика министрлигине дайындалган Таалайбек Ибраев мамлекетке 30 млн сомго жакын зыян келтирген деп УКМК аныктаган, кийин 20 млн сом болуп өзгөрүп калыптыр. Ал Ширшовдун командасындагы жигит. Санариптик өнүктүрүү министри дагы Ширшовдун командасы. Мына ошондой миллиарддаган акчаны уурдаган адамдар кадрдык кызматтарда отурса, кантип алдыга жылабыз? Эгер Садыр Жапаров кадр саясатын оңдойм десе, анда ар бир министрликти карап чыгышы керек», — деди Жолдошева.

Өлкө башчы Садыр Жапаров 2020-жылы октябрь айындагы окуялардан кийин бийликке келип, люстрация кылып, өкмөткө жаштарды тарта тургандыгын айткан.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана анын командасы өкмөткө келгенине дээрлик бир жыл болду.

Copyright © 2017 Maral FM