Connect with us

Кемпир-Абаддын тагдыры талаш жаратты

Саясат | 4 Окт 2022 | 898 | 0

Бүгүн Өзгөн шаарына чек ара маселеси боюнча президент Садыр Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана депутаттар барды. Өзгөн районунун тургундары Кемпир-Абад суу сактагычын жана анын айланасындагы жер тилкелерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыгышууда. Бийлик башындагылардын эл менен жолугушуусу жабык эшик артында өтүп, залга батпай калган элди экинчи этап менен кабыл ала тургандарын айтышкан. Өткөн жумада Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келген. Анын сапарынан кийин «Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилет экен» деген кептер тараган. 1-октябрда Өзгөн эли Камчыбек Ташиевге кайрылып, «Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилбесин!» деген талап менен видео кайрылуу жасаган.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, бүгүн президент Садыр Жапаров Өзгөн районунун тургундары менен жабык эшик артында жолугушууда. Анда жергиликтүү калкка кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкеси, ошондой эле «Кемпир-Абад» суу сактагычынын маселелери боюнча кеңири маалымат берилүүдө. Мындан тышкары элдин суроолоруна жооптор алынууда. Жолугушууга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда. Залга батпай калган жарандар этап-этабы менен жыйындар залына киргизилмей болгон.

Өлкө жетекчилери акимиаттын жыйындар залына кирип, жабык жыйын өткөрүшүүдө. Келген эл толук киргизилген эмес. Жергиликтүү тургундардын айтымында, чогулушка кирген адамдар мурдатан даярдалган болушу мүмкүн. 

«Элди да жыйынга киргиле деп айтты. Бирок бул жерде кечээтен бери даярдалган сценарий бар. Кимге сөз берилер-берилбеси аныкталган. Биздин сүйлөй турган адамдарыбызга сөз берилбейт, аларды тыят. Өздөрүнүн адамдарына сөз берип сүйлөтөт, биздин күйгөнүбүз ошондо болуп жатат». 

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы билдирүү таратып, анда «Кемпир-Абад» суу сактагычынын айланасында болуп жаткан окуялар боюнча жолугушууга даярдалган адамдар алдын ала имаратка киргизилип, карапайым эл көчөдө калганын жазды.

Өзгөн районунда Кемпир-Абад маселеси боюнча президенттин  эл алдына чыгышын талап кылып, күтүп турушат.

Ушул жылдын 26-сентябрында Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келген. Ал кыргыз тараптан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен биргеликте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык жаңы келишимдин долбоорун баштоо тууралуу протоколго кол коюшкан.

2021-жылдын 24-25-мартында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Камчыбек Ташиев да катышкан.

26-мартта Ташиев Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын, чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.

Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн. Ошол эле жылдын 25-апрелинде Камчыбек Ташиев Өзгөн районундагы Куршаб айылынын борбордук стадионунда эл менен жолугушуп, Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы 50 гектар жер элдин талабы менен Өзбекстанга берилбей турганын айткан.

«Элдин талабы — биз үчүн эң жогорку талап. Кемпир-Абадды бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. Аны азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз», — деген.

Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы кызматын 25 жыл аркалаган Турдакун Усубалиевдин Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча жазып кеткен эскерүүсү бар. Анда ал 1962-жылдын августунда Өзбекстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Шараф Рашидов Өзбекстандын кургакчылыкта калуу коркунучу бар экенин айтып, ал үчүн Кыргызстандын Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын курулушун баштоого макулдук берүүсүн суранган кат жөнөткөнүн жазган.

Ошентип, 1962-жылы 13-сентябрда «Өзбекстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин, Өзбек ССР Жогорку Советинин Президиумунун жана Министрлер Советинин Кыргыз ССРинин Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычын куруу боюнча сунуштарын колдоо жөнүндө» Токтом кабыл алынып, Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынын курулушуна макулдук берген.

Өзгөн районунун 5 миң гектардан ашык айдоо жери Кемпир-Абад суу сактагычынын астында калган. Бул айдоо жерлер жүгөрү жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн колдонулган. Ошондой эле көптөгөн айылдарды жаңы конуштарга көчүрүүдө чоң кыйынчылыктар болгон.

Анжиян суу сактагычы бат эле курулуп, 1970-жылдары пайдаланууга берилген.

Өзгөндөн чыккан депутат Улукбек Ормонов жабык жыйындан чыкканда, жергиликтүү тургундар депутаттан маалымат алууга аракет кылышкан. Анда Ормонов 1970-жылдары эле Кемпир-Абад суу сактагычы пахтанын түшүмүн көбөйтүү максатында курулганын, ал үчүн эки өлкө башчылары Москвада жолугушканын айткан.

Өзгөн эли менен болуп жаткан жабык жыйынга катышуучу депутаттардын тизмесинде Адахан Мадумаров жана №12 Өзгөн округунан депутат болуп шайланган Элмурза Сатыбалдиев да болгон. Бирок алар азырынча элге билдирүү жасай элек.

Журналист Нургазы Мусаев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча өзүнүн пикирин жазып, бийлик эки айдан бери эл ичинен, айрыкча Өзгөн тараптан чыккан аттуу-баштууларды бирден чакырып, сүйлөшүп, алдаганын алдап, чай бергенине чай берип, коркчусун коркутуп жатканын жарыялады. 

Кемпир Абад маселеси боюнча Өзбекстан менен кол коюлган келишимдин коомчулукка ачык жарыялануусун оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков талап кылды.
«№36 протокол ачыкка чыксын. Эл билсин. Өлкөдө бийликтин тең салмактуулугу жок, бийлик бир колдо, бир топто. Мамлекеттик институттар жокко чыккан. Мындай жерде сөзсүз оппозиция, жарандар, медиа ачыктыкты, бийликтин маалыматын талап кылышы зарыл».
СССР мезгилинде Кыргызстандын аймагында Өзбекстан пайдаланган чоң суу сактагычтар курулган. Алар: Орто-Токой, Керкидан жана Кемпир-Абад. Бул объектилер боюнча маселени чечүүдө Өзбекстан үчүн суу сактагычтарга көзөмөл кылуу маанилүү болуп келет.
Учурда Өзгөн райондук администрациясынын залында жыйын этап-этап менен өтүп жатат. Бирок залдагы эл толук чыгарылбай, жарымын эле чыгарып, алардын ордуна башкалар киргизилип жатканы айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM